2025-05-12
Түрмөк
Айжан Чыныбаева Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэр кызматына Алмаз Бакетаев дайындалды. Ал эми Айжан Чыныбаева социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.
Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы БШКнын мүчөлүгүнөн алды

Бүгүн, 28-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан парламенттин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын кызмат ордунан бошотуу сунушун колдоду. Атыр Абдрахматова 16-октябрда БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда кетүү тууралуу арыз жазган.
Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 66 миң адамдан ашты

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 66 миң 37 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат

Учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Министрлик узак жолго чыккан жарандарды унааларынын дөңгөлөктөрүн кышка алмаштырууну сунуштайт.
Жапаров элчилер жана эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугат

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын башчылары жана Кыргызстанда катталган чет өлкөнүн ардактуу консулдары менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Жолугушуу 28-октябрда саат 14.00дө “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай” конок үйүндө өтөт.
Нуржигит Кадырбеков Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине барды

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейине барды, - деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы.
Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев жөнүндө

Медербек Сатыев Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы.
Кыргызстанда доллардын курсу кайра жогорулады

Кыргызстанда доллардын курсу кайрадан жогорулады. Бүгүн коммерциялык банктарда америка доллары 81,4 сомдон сатылууда. Бир жуманын ичинде доллар 1 сомго кымбаттаган. Улуттук банк долларды 80,6 сомдон сатууда. Белгилей кетсек, Улуттук банк акыркы жолу 15-октябрда улуттук валютаны колдоо боюнча интервенция жүргүзгөн. Анда банк 17,1 млн доллар саткан.
Испанияда коменданттык саат жарыяланды

Испания өкмөтү түнкү саат 11ден тарта коменданттык саат жарыялады. Андан сырткары, 6 кишиден ашык чогулууга тыюу салынды. Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес чектөөлөр келерки жылдын май айына чейин уланышы керектигин билдирди. Коменданттык саат түнкү саат 11ден таңкы 6га чейин киргизилди. Бул убакыт аралыгында маанилүү себептер менен гана үйдөн чыгууга болот: балдар жана улгайган кишилерге кам көрүү, жумуш жана дары-дармек алууга.
Калифорниянын 100 миңден ашык жашоочусу өрткө байланыштуу эвакуацияланат

АКШнын Калифорния штатынын 100 миңден ашык тургуну эвакуацияга даярданууда. Жергиликтүү бийлик аймакта күч алып жаткан өрткө байланыштуу жашоочуларды башка жакка көчүүгө чакырууда.
Президенттикке талапкерлер бардык документтерди 7-декабрга чейин тапшырышы керек

Кыргызстандын президенттигине талапкерлер бардык документтерди 6-декабрь күнү саат 00:00гө чейин тапшырышы керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 2 тез жардам унаасы берилди

Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жаңы 2 тез жардам унаасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Жалал-Абадда кырдаал оор. Коронавирус жуктургандар кычкылтек аппаратына муктаж болууда

Жалал-Абадда кычкылтек жана кычкылтек баллондору жетишсиз болууда. Кычкылтек суюктугун сатып алган бейтаптардын жакындары калаада бир гана жайда бар экенин, ал жерде дагы жетишпей, таппай жатышканын журналисттерге айтып беришти.
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн 10 жаштагы бала кулап түштү

Бишкекте 21-октябрда Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринен 10 жаштагы бала кулап түштү.
Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 582 адамдан табылып, төртөө каза болду

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 582 адамдан табылып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Чыңгыз Айдарбеков Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.
Акжолтой Бекболотов «Кыргызфильмдин» директору болуп дайындалды

Акжолтой Бекболотов «Кыргызфильмдин» директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билим берүү министри мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
"Манас" аэропорту штаттык режимде иштөөдө

Эл аралык "Манас" аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
30 күн убакыт берем! Садыр Жапаров расмий билдирүү жасады

Кыргызстандын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров расмий билдирүү таратты. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.
Кытайда жаңы экологиялык көйгөй пайда болду

Кытайда жыл сайын 26 миллион тонна кийим-кече таштандыга чыгат. Турмуштук калдыктар ташталуучу полигондор жогорку тездик менен толуп жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирет.
"Эпсилон" шамалы куюнга айланды

"Эпсилон" шамалы куюнга айланды. Бул тууралуу АКШнын куюндарды көзөмөлдөө улуттук борбору кабарлайт. Куюн Бермуд аралдарына жакындап калганы айтылууда. Буга чейин Луизиана жана Техас штаттарынын 400 миңден ашык жашоочусу "Дельта" куюнунун кесепетинен улам жарыксыз калган.
Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрүлөт

23-24-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Кыргызстанда парламенттик кайра шайлоо 20-декабрда өтөт

Жогорку Кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Текебаев: Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилебесе, шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет

Жогорку Кеңеш президент кызматтан кеткенден кийин 7 күн ичинде президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.
Лукашенко тарапташтары үчүн гана бийликте турганын билдирди

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко тарапташтары үчүн гана бийликтен кетпей жатканын билдирди.
ДССУ бир жумада коронавирустун жаңы учурларынын рекорддук көрсөткүчүн каттады - 2,4 млн

Өткөн жумада дүйнөдө 2,4 миллион адам коронавирус жуктуруп алган. Бул пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүч. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жандандырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык кылмыштарды тергөө боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин, Конституциянын 65-беренесине ылайык, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.