2024-12-22
Түрмөк
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоордун демилгечилери - Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Сулайманов, алар шайлоо мыйзамына негизги үч өзгөртүүнү киргизүүнү сунуштап жатканын билдирди.
Анын айтымында, алардын мыйзам долбооруна ылайык шайлоо босогосун 7%дан 3%га, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү жана №2 форманы (шайлоо дарегин алмаштыруу) алып салуу сунушталууда.
Сулайманов билдиргендей, азыркы мыйзамдар боюнча шайлоого катышкан партия шайлоочулардын 5%ынын добушун алса, шайлоо күрөөсү кайтарылып берет. Эми алардын мыйзам долбоору боюнча шайлоо күрөөсүн шайлоочулардын 1%ынын добушун алган партияларга кайтарып берүү сунушталууда.
Булак: kabar.kg