2024-12-22
Түрмөк
ДССУ бир жумада коронавирустун жаңы учурларынын рекорддук көрсөткүчүн каттады - 2,4 млн
Өткөн жумада дүйнөдө 2,4 миллион адам коронавирус жуктуруп алган. Бул пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүч. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет.
"Коронавирус жуктургандардын саны тездик менен көбөйүүдө. Учурда 40 миллиондон ашык адам илдетти илештирип алган, 1,1 миллиону көз жумган. Акыркы жумада 2,4 миллион жаңы учур катталып, 36 миң киши каза тапкан", - деп айтылат маалыматта.
Түндүк жана Түштүк Америкада эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Бейтаптардын жалпы саны - 18,8 миллиондон ашкан.
Европада болсо мурдагы жумаларга караганда өткөн жумада коронавирус жуктургандардын саны 25 пайызга көбөйгөн. Ал эми Түштүк-Чыгыш Азияда апта ичинде 513 миңден ашык адам таажы вирусуна чалдыккан. Каза тапкандар - 135 миң, бул мурунку жумага караганда 6,8 миңге көп.
Индияда оорулуулардын саны 7 күндө 440 миң, АКШда - 383 миң, Бразилияда - 144 миңден ашкан.