2025-05-12
Түрмөк
Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңүүчү аталды
Кыргызстандык спортчу, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Бириккен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) виртуалдык турниринде жеңүүчү аталды.
БУУ COVID-19 саммитин өткөрүп жатат

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы 3-4-декабрда «COVID-19» саммитин өткөрүп жатат.БУУнун 75-Башкы ассамблеясынын жетекчиси Волкан Бозкырдын төрагалыгы астында өтө турган саммитте коронавирус пандемиясы, пандемияга каршы күрөш, эмдөө жана социалдык-экономикалык калыбына келтирүү маселелери талкууланууда. Ага дүйнө лидерлери онлайн режимде катышып жатат.
Өкмөт бизнести 2022-жылга чейин текшерүүгө тыюу салды

Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата киргизилген мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Байден Трампты президенттик инаугурацияга чакырды

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден учурдагы өлкө башчысы Дональд Трампты инаугурациясына чакырды. Бул тууралуу ал «CNN» телеканалына маек берип жатып айтты.
Он төрт президенттикке талапкер миллион сомдук күрөөнү төктү

Бүгүн, 3-декабрга карата президенттик шайлоого катышууга ниетин билдирген 14 талапкер миллион сомдук күрөөнү төктү.
«Манас-Ордо» комплексинде бир күн бою «Манас» айтылат

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 4-декабрь — «Манас» күнүнө карата Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде иш-чара өткөрөт. Анда бир сутка бою «Манас» айтылат.
Кыргызстанга Франциянын атактуу "ПСЖ" футбол клубунун өкүлдөрү келди

Франциянын атактуу "ПСЖ" футбол академиясынын Түркиядагы филиалы Канттын "Абдыш-Ата" клубу менен келишим түзүп, анын негизинде өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Кыргызстанга келишти.
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамы Ала-Буканын 1-Май айыл өкмөтүнө ыйгарылды

"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамы ыйгарылды. Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүлүп келет.
Кувейт Бишкекте өз элчилигин ачууну пландоодо

Кувейттин Бишкекте элчилигин ачуу маселеси кечээ, 30-ноябрь күнү эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин онлайн сүйлөшүүсүндө талкууланды. Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты. Эки тарапт тең ар тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча туруктуу байланыштарды улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Садык Шер-Нияз президенттикке ат салышуудан баш тартты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлигин Садыр Жапаровдун пайдасына алып салды. Бул тууралуу ал Ибрагим Нуракун уулунун Facebook баракчасында түз эфирде айтты.
Германияда 2022-жылдан баштап желим баштык колдонууга тыюу салынат

Германияда 2022-жылдын январь айынан тарта желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды. Аталган чечим Федералдык Кеңеште кабыл алынган. Ал мыйзамга көрө, 15 жана 50 микрометр калындыгындагы желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды.
Президенттикке ким татыктуу? Сурамжылоонун жыйынтыгы

Москва шаарында жайгашкан Саясий социология илим изилдөө институту кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча изилдөө жүргүзгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн сурамжылоого жашы 18ден жогору 7088 адам катышкан.
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 427 адамдан табылып, 6 киши каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 427 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Кытай карыздын убактысын 4 жылга узартууну сунуштады

Кыргызстан Кытайдан алынган карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну макулдашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.
Байден: 11 миллиондон ашык мигрантка жарандык берилет

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялаган Жо Байден кызматка киришкен алгачкы 100 күнүн миграция реформасына жана коронавируска каршы күрөшкө арнай турганын NBC каналына берген маегинде билдирди. Ал 11 миллиондон ашык адамга жарандык берилерин кошумчалады.
Стамбул шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Түркиянын Стамбул шаарында Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Дагы бир киши президенттикке талапкерликтен баш тартты

Бүгүн, 24-ноябрь күнү Турсунбек Жумабеков мурда тапшырган документтерин кайтарып берүүнү суранып, БШКга арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирет.
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 59 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 59 миллиондон ашты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемиянын эпицентри деп АКШ менен Европаны белгилөөдө.
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 481 адамдан табылып, 4 жаран каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 481 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Эң таасирдүү делген вакцина Америкада бериле баштайт

Бүткүл дүйнөнүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан коронавирус вакцинасынын качандан баштап бериле баштаары айтылды. Pfizer жана BioNTech тарабынан жасалган бул вакцина коронавируска каршы эң таасирдүү вакцина катары белгилүү.
COVID-19: Нью-Йоркто 600дөн ашык адамдын сөөгү көмүлбөй турат

Нью-Йоркто коронавирустан каза болгон 650нүн тегерегиндеги адамдын сөөгү көмүлбөй турат. Маркумдардын сөөгү муздаткычы бар жүк ташуучу унааларда Бруклиндин жээгинде сакталууда. Бул тууралуу РИА Новости "Wall Street Journal" гезитине таянып жазат. Америкалык ЖМКлардын билдиришинче, сөөктүн көпчүлүгүнүн жакындары табыла элек.
Кытай ушул аптада Айга космостук кеме учурат

Кытай ушул аптада Айга космостук кеме учурат. Бул тууралуу CNN кабарлайт. Аппарат Айдын кыртышынын үлгүсүн топтоп, Жерге алып келиши керек. Chang'e-5 топтогон үлгүнүн негизинде окумуштуулар Айдын кантип пайда болгонун изилдемекчи. Долбоор максатына жетсе, Кытай Айдын кыртышынын үлгүсүн алган АКШ менен Советтер союзунан кийинки үчүнчү өлкө болуп калат.
БШК укук коргоо органдары үчүн тренингдерди уюштурат

Бүгүн, 23-ноябрдан баштап Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол бербөө максатында укук коргоо органдарына шайлоодо добуш сатып алууга жана административдик ресурска каршы туруу боюнча тренингдерди өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Беларусияда митинг алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бүгүн, 22-ноябрда Беларусияда оппозициянын пландаган митингинин алдында Минск шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлуп, коопсуздук күчтөрү жана атайын унаалар шаардын борборуна тартылып жатат. Бул тууралуу РИА Новости агентиги жазды.
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 58 миллиондон ашты

Жон Хопкинс университетиин маалыматына ылайык, дүйнөдө коронавирустук инфекцияга кабылгандардын саны 58 миллиондон ашты. Ал эми коронавирустан көз жумгандардын саны 1 млн 378 миң 866 адам. Ошол эле учурда 37 миллиондон ашуун бейтап айыккан.
COVID-19: 432 учур жаңы катталып, төрт бейтап каза болду

Бир сутка ичинде коронавирустун жаңы 432 учуру катталып, вирус жугузгандардын жалпы саны 69 миң 581ге жетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА: Жүз күндүк иш планымды даярдадым

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева жүз күндүк иш планын даярдап, натыйжалуу иш алып баруу аракетинде экендигин “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Ал жаңы кызматтын милдеттерин терең өздөштүрүп, бара-бара көнүп баратканын айтат.
Кыргызстанда абактагы 230 адамга ырайым берилди

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган кезде абактагы 230 адамга ырайым кылуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет.
Конституциялык кеңешме түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
"Талаштан тактык жаралат". Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого активдүү катышууга чакырды

КРдин Президенттигине талапкер Садыр Жапаров коомчулукту жаңы Конституциянын долбоорун талкууга активдүү катышууга чакырды. Бул жөнүндө ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазып калтырган.