2024-12-23
Түрмөк
Германияда 2022-жылдан баштап желим баштык колдонууга тыюу салынат
Германияда 2022-жылдын январь айынан тарта желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды. Аталган чечим Федералдык Кеңеште кабыл алынган. Ал мыйзамга көрө, 15 жана 50 микрометр калындыгындагы желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды.
Экология министри Svenja Schulze желим баштыктардын ордуна кездемеден тигилген баштыктарды колдонуу айлана-чөйрөгө зыянсыз экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Германияда 2015-жылы желим баштыктар акчага сатыла баштагандан баштап, аны колдонуу 64%га азайган болчу.
Германияда бир киши жылда орточо 24 желим баштык колдонот. Желим баштык сууда 400 жылда, ал эми топуракта 800 жылда гана жок болот.