2024-12-23
Түрмөк
БШК укук коргоо органдары үчүн тренингдерди уюштурат
Бүгүн, 23-ноябрдан баштап Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузууларга жол бербөө максатында укук коргоо органдарына шайлоодо добуш сатып алууга жана административдик ресурска каршы туруу боюнча тренингдерди өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Аталган көчмө иш-чара 23-ноябрда Жалал-Абад шаарында башталып, 12-декабрга чейин өлкөнүн бардык аймактарында уланат.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен административдик ресурс колдонуунун жана добуш сатып алуунун жоопкерчилиги талкууланат. Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы жана юридикалык ченемдерди колдонуу тартиби кенен түшүндүрүлөт. Ошондой эле чара көрүү жолдорун да талкууланат.
Тренингди БШК Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун колдоосу алдындагы «Жарандык платформа» коомдук фонду менен биргеликте өткөрөт.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн 63 талапкер арыз берди. Аталган шайлоону, референдум жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө 2020-жылдын бюджетинен 500 млн сом бөлүнгөн.