AUCA the best 2

2025-05-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

"Талаштан тактык жаралат". Садыр Жапаров Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого активдүү катышууга чакырды

КРдин Президенттигине талапкер Садыр Жапаров коомчулукту жаңы Конституциянын долбоорун талкууга активдүү катышууга чакырды. Бул жөнүндө ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазып калтырган. 

"Урматтуу кыргыз элим, урматтуу кыргызстандыктар!
Мамлекетибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдырын чечүүчү учур келип жетти.
“Биз мамлекетибизди өнүктүрүп, алдыга жылабызбы же биротоло жок болобузбу? Келечегибиз барбы, урпактарыбызга эмне калтырабыз?” – деген жалпы коомчулуктун көйгөйлүү талаптарына жооп бере турган убакыт келди деп эсептейм.
Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциясында жана андан кийин өзгөртүү, толуктоолору менен кабыл алынган Конституциялардын редакцияларында Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынат деп так жазылган эле.
Ошону менен өлкө эгемендигинин ээси болгон жалпы кыргыз элине мамлекеттик маанидеги олуттуу маселелерди чечүү мумкүнчүлүгү берилген.
Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон.
Тактап айтканда, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакытта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган.
Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган.
Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым.
Ал эми элдин талабы эмнеде? Албетте, экономиканы көтөрүү, элдин социалдык муктаждыгын жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу жана ошондой эле башка орчундуу маселелерди чечүү.
Жалпы кыргызстандыктардын талаптарын аткаруу үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуунун зарылчылыгы келип чыкты. Анткени 2010-жылда кабыл алынган Конституция менен биз мындан ары жашай албай турганыбызды жогоруда айтылган он жылдык турмуштук тажрыйбабыз даана көрсөттү.
Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес. Тескерисинче, мамлекеттин түзүлүшү жана мамлекеттик маанидеги башка орчундуу маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн элге кайтарып берүү катары эсептөө керек.
Мындан жыйырма эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор “кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Баш мыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан, кабыл алганы жатышат” деп, кыйкырып чыгышты эле. Эми Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга дагы каршы болуп, “мыйзам бузуулар болуп жатат” деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Эгерде жаңыланууну жана келечекте өнүккөн кыргыз мамлекетинде жашоону кааласак, анда биз анык реформаларга барышыбыз керек.
Ошондуктан кыргызстандыктар, жалпыңыздарды Конституциянын жаңы долборун талкуулоого активдүү катышууга чакырам.
“Талаштан тактык жаралат” демекчи, талкуу ачык-айкын жүргүзүлөт. Сунушуңарды бериңиздер, баардыгы эске алынат.
Азыркы элдин талкуусуна коюлуп жаткан Конституция 2010-жылдагыдай кылып, бир кишинин же бир топтун пайдасына жазылып жаткан жери жок.
Өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, кыйкырып чыгып жаткандардын жүзү курусун. Алардын 30 жылдан бери бузукулук кылып жүргөн чыныгы жүздөрүн ача турган убакыт келди.
Урматтуу мекендештер, Кыргызстаныбыздын келечеги Сиздердин колуңуздарда экенин дагы бир ирет белгилеп кетким келет!", - деп жазган Жапаров. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2