2024-12-23
Түрмөк
Президенттикке ким татыктуу? Сурамжылоонун жыйынтыгы
Москва шаарында жайгашкан Саясий социология илим изилдөө институту кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча изилдөө жүргүзгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн сурамжылоого жашы 18ден жогору 7088 адам катышкан.
«Эгер Кыргызстандын президентин шайлоо кийинки жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?» – деген суроого жарандардын 84,5%ы «ооба» деп жооп берген. 10,6%ы шайлоого барууга даяр эместигин айтса, дагы 4,9%ы жооп берүүдө кыйналган. Сурамжылоого ылайык, биринчи орунду өкмөт башчылык кызматты убактылуу тапшырган, президенттикке талапкер Садыр Жапаров алган, тактап айтканда, респонденттердин 59,11% Жапаровго добуш берерин айтышкан. Экинчи орунда 3,23% менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров, ал эми 3-орунда 0,86% пайыз добуш топтогон парламенттин экс-спикери Канатбек Исаев турат. Ошондой эле алдыңкы бештикке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов жана Арстан Алай кирген. Калган талапкерлер жалпысынан 5%дан төмөн алары күтүлүүдө. Сурамжылоо телефондон маектешүү ыкмасы аркылуу жүргүзүлгөн. Ага бир үйдөн бир гана адам катышкан.