2024-12-22
Түрмөк
Жаңы долбоор: "Үмүт шамы" (видео)
Kereez.kg маалыматтык сайты медиа өнөктөштүктө "Үмүт шамы" жаңы долбоорун баштады.
Тагдыры талкаланып, жашоодо жанчылган жалгыз бой энелер аз эмес. "Үмүт шамы" долбоорунун алгачкы чыгарылышы "Дордой" базарын шыпырып, калың кагаз терип 3 баланы баккан Зууракан айым тууралуу болот.
Жаштайынан кыйын турмушта жашаган Зууракан айым миграциянын да азабын тарткан. Ал бир баласы менен Орусияга кетип, ал жакта бир үй-бүлөнүн баласын багып иштеп жүрүп, теңин таап турмушка чыгат. Боюнда бар кезинде күйөөсү Кыргызстанга алып келип, Дордой-2 конушундагы эски үйүнө таштап кетет. Убакыт өтүп, жолдошу башкага үйлөнүп алганын айтат. Зууракан эгиз төрөйт.
Ал азыр 29 жашта. Учурда эжесинин баласын да өзү карап жатат. Азыркы жашап жаткан үйү эскилиги жеткен. Бар тапканы күнүмдүк нан менен чайга гана жетет. Алдыда кыш. Зууракан айым турмушун тургузуп алуу үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайт. Кайдыгер эмес инсандар түз өзү менен байланышса болот: 0704864403