AUCA the best 2

2024-04-29

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жалал-Абадда кырдаал оор. Коронавирус жуктургандар кычкылтек аппаратына муктаж болууда

 Жалал-Абадда кычкылтек жана кычкылтек баллондору жетишсиз болууда. Кычкылтек суюктугун сатып алган бейтаптардын жакындары калаада бир гана жайда бар экенин, ал жерде дагы жетишпей, таппай жатышканын журналисттерге айтып беришти.

 

Материал turmush.kg сайтынан алынды

Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын сыртында кычкылтек баллондору тизилип турганын көрүүгө болот. Ал жерде пневмониядан улам аппаратка түшүп калгандардын жакындары колго жасалган жабдыктан кычкылтекти көтөрүп, кайра азайтып карап отурушат.

Базар-Коргон районунан келген Шаирбек Сыдыковдун атасы жана атасынын бир тууган иниси бир палатада жатат. Ал үч күндөн бери оорукананын сыртындагы кычкылтек баллонунан кычкылтекти айтылган норма менен берип жатат.

«4 күндөн бери ушул кычкылтек баллонду айланчыктап жүрөбүз. Мамлекет бул бөлүмдүн имаратын оңдоп-түздөбөсө койсун, кычкылтек толтуруучу жайларды ырастап беришсин. Биз күнүгө 3 миң сомдой акчага кычкылтек суюктугун толтуруп жатабыз. Каражатыбыз кетсе да мейли, бизге кычкылтек таап беришсин. Бул жерде көпчүлүгүнүн кычкылтек суюктугу түгөнөйүн деп калды. Биздики эртең мененкиге чейин жетет. Анан кантебиз? Бул жерде кычкылтек баллондор бош жатат. Бир жерде гана берет. Ал жерде кезек күтөсүң, бир адамга 1-2 эле баллонду толтуруп берип жатат. Баарыбыздын үмүтүбүз ушул кычкылтек болуп калды. С.Жапаровду колдогонбуз. Эл кыйналып жатат, жардам берүүсүн күтөбүз. Ушундайда жансоогалап турган эл ыраазы болот», - деди ал.

Ооруканада жүргөндөрдүн айрымдары кычкылтек суюктугун таппай келишкенин айтышып, бийлик өкүлдөрүнө эл маселесин чечип берүүгө чакырык ташташууда. Бир кычкылтек баллонго кычкылтек суюктугу 500 сомго толот. Ал бир бейтапка кээде 1-2 саатка гана араң жетип калууда.

Ал жерден Сузактагы ыктыярчылар жамаатын да көрүүгө болот. Ыктыярчылар жана бейтаптардын жакындары коомчулукка кайрылышты.

Алар: «Үйдө кычкылтек баллон бар болсо берип турууга чакырабыз. Аты-жөнүңүздөрдү жазып алабыз. Баары ордуна келгенде кайтарып беребиз. Ыктыярчылар, демөөрчүлөр тарабынан жалпы 150 чакты баллон жыйналган. Алар кызыл зонада пайдаланылып жатат. Бирок жетишсиз болуп турат. Колдон келген жардамды аябаңыздар», - дешти ыктыярчылар.

Бейтаптардын жакындары ыктыярчылар көп болуп жатканын белгилешти.

Шакир ажы Тайчабаровдун айтымында, кычкылтек суюктугун куюучу баллондор жетишсиз. Ал эми калаада болсо бир гана жерде кычкылтек баллонду толтурган жай бар. Ал Сузактагы аймактык жана Жалал-Абад облустук ооруканасынын кызыл зонасындагы гана баллондорго кычкылтек толтурууга араң жетишип жатат. Илдетке кабылгандар арбып, абал оорлоп баратат. Андыктан эл да той-аштарды токтотуп турушу керек.

«Урматтуу эл-журт, тойлорду токтото тургула. Ар ким өз саламаттыгы үчүн эл көп чогулган жерден оолак болушу керек. Дарыгерлердин мээнети баалансын. Ак халатчандар тикесинен тик туруп иштеп жатышат. Оору менен ойнобойлу, этият бололу. Бийлик өкүлдөрүнөн жана жетекчилеринен суранабыз, кычкылтек жетпей жатат. Анан да урматтуу калайык калк, кычкылтек баллондордон берип туруңуздар», - деди ал.

Андагылар ак халатчандар тынымсыз иштеп жатышканын, алардын күчү жетпей жатканын, бейтаптар оор абалда келип жатышканын белгилешти.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын башчысынын орун басары Мелис Баймырзаевдин айтымында, жугуштуу оорулар бөлүмүндө 95 бейтап жатат. «Бакыт» санаторийинде 100 керебет даярдалган. Отуздан ашуун бейтап бар. Ал жайга илдеттин орто жана жеңил түрүнө кабылгандар жайгаштырылууда.

«Жугуштуу оорулар бөлүмүнө оор абалдагы бейтаптарды кабыл алып жатабыз. Ал жерде 95 бейтап бар. Алтымыштан ашууну кычкылтек менен дем алууда. Ал эми жеңил, орто абалдагы адамдар "Бакыт" санаторийине жөнөтүлүүдө. Дары-дармек, тамак-аш жетиштүү. Элге жана жетекчилерге кайрыла кетет элем, эл көп чогулган жерлерге тыюу салынып, чектөө киргизилсе жакшы болот эле. Бүгүнкү күндө суудан да, абадан да кычкылтек керек болуп жатат. Чынында кычкылтек баллондору жетишсиз. Буга чейин демөөрчүлөр, бийлик тараптан берилген концентратор аппараттары жетиштүү. Бирок бир бейтапка үч концентратор колдонулуп жатат. Анын да күчү жетпей калгандыктан суюк кычкылтекке уланууда.

Медицина кызматкерлери физикалык жактан да жетишпей жатышат. Бейтаптар да өтө оор абалда кайрылууда. Дарыгерлер болгон мүмкүнчүлүктөрүн, аракеттерин жумшап жатат. Баарыбыздын эле мүдөөбүз — илдетке кабылгандарды сакайтып, жакындарына кайтаруу», - деди М.Баймырзаев.

Кычкылтек суюктугу «Майлуу-Суу лампа заводу» ишканасынан алынып жаткан. Кычкылтек суюктугун толтуруп жаткан жеке ишкер Бекболот Жетибаев жогоруда аталган ишканада бир шайманы бузулуп, эки күн мурун кычкылтек суюктугун берүү үзгүлтүккө учураганын айтты.

Бүгүн атайын Ош облусунун Араван районуна адистешкен унаалар жиберилди. Эртеңден баштап үч ооруканага кычкылтек жеткирип берүүгө аракет жасашат.

Булак: turmush.kg

 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2