2024-12-22
Түрмөк
Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев жөнүндө
Медербек Сатыев Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ал Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы.
Медербек Сатыев жөнүндө эмне белгилүү?
Медербек Сатыев 2013-жылы бешинчи чакырылыштын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун судьялар коллегиясында болгон.
Оппозиционерлер акталгандан кийин көп өтпөй эле ошол убакта президент болуп турган Алмазбек Атамбаев Медербек Сатыевди жана анын кесиптеши Курманкул Зулушевди кызматтарынан бошоткон. Алардын «судьянын жүрүм-туруму кынтыксыз болушу керек талабына ылайык келбеген аракеттерди жасашканына» Судьялар кеңешиндегилер да макул болушкан.
2015-жылы Сатыев парламентке «Республика — Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Бул партиянын тең түзүүчүсү — Камчыбек Ташиев.
Юристтердин айтымында, Медербек Сатыев Кыргызстандагы мыкты юристтердин сап башында. Анын Президенттик аппаратка биринчи орун басар болуп келиши ишти илгерилетет, - дешет алар. Анткени, Медербек Сатыев өз ишин мыкты билген кадр.