2024-12-22
Түрмөк
Кытай жана Түркиядан бир жарым миң кычкылтек концентратору келди
5-июль күнү КЭРдин жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин аракети менен Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынып келди. Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынып, Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти кабарлады.
Андан сырткары, Түркиядан да миңдин тегерегиндеги кычкылтек концентратору келгендиги жөнүндө маалымдалууда. Аппараттар Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргызстанда иштеген түрк ишкерлер ассоциациясы, Түркиядагы кыргыз бүтүрүүчүлөрү жана кыргыз-түрк бизнес коомчулугунун биргеликте уюштурган акциясынын алкагында жеткирилди.
Жабдыктардын бир бөлүгүн түрк тарап Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырат, ал эми калганы аппаратка муктаж болуп жаткан үй-бүлөлөргө таратылат.
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков түрк кесиптеши Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түркия өкмөтү тарабынан Кыргызстанга дагы гуманитардык жардам берилери бекемделди.