2024-12-22
Түрмөк
Ыйгарым укуктарыңызды токтотпошуңуз керек. Мелис Мырзакматов президентке кайрылды
Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековдон өлкөдө тартип орногонго чейин ыйгарым укуктарын токтотпой, өлкө башчылык кызматтан кетпешин сурады. Бул тууралуу ал атайын мамлекет башчыга жасаган кайрылууда айткан.
Анын айтымында, ушул күндөрү аксакалдар, ар кандай уюмдардын, ишканалардын жана жарандык бирикмелердин жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн. Баары борбор калаада орун алган окуяларга тынчсыздануусун билдирген.
"Кыргызстандын көп улуттуу эли сизден мамлекеттин тагдырын чечүүдө, тартипти орнотууда даанышмандыкты жана жоопкерчиликти күтүүдө. Өлкөдө тынчтык орномоюн, мамлекет башчылык кызматтан кетпешиңиз керек. Бул элдин талабы", - деп кайрылган Мелис Мырзакматов.
Белгилей кетсек, Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Кыргызстанга кайтып келген.