AUCA the best 2

2025-10-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент кетип калса, саясий күрөштөр кайра күчөйт

"Президент баш аламандык, бийлик талашууларды болтурбоо үчүн ордунда калып, 45 күндө кайра шайлоону өткөрүп берсин. "Кетсин!" деген оорудан айыгалы",- деп жазат Дайырбек Орунбеков. Анын Facebook баракчасына калтырган билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

"Кечээ, тилдеп жаткандар, кайра Президенттин ордунда калып иштесин деп жатышат. Эмне үчүн? Кыргызстан укуктук талаага толугу менен келишине эмоциясыз токтолоюн:

1. Экономикалык кризис.
Бюджетте 30 миллиард сом тартыштыгы (дефицит) бар. Тышкы карыздын төлөмдөрүнүн эки эсе көбөйүшү. (Мурда жыл сайын тышкы карыз үчүн 14 млрд сомдун айланасында төлөнсө, 2021-жылдан тарта ал 30 миллиардга чейин өсүүсү күтүлүүдө);

2. Коомчулукта жаңы Премьер-министрдин легитимдүүлүгү катуу талкуу болуп жаткандыгына байланыштуу бул дагы эл аралык коомчулукта шек жаратат. (Анткени, келечекте алына турган кредиттер, гранттар ж.б көмөк алууларга күмөн жаралат).

3. Күтүлүп жаткан Референдум, жаңы шайлоолор;

4. Эгер, Президент отставкага кетсе бийлик (өкмөт, ЖК, бардык күч түзүмдөрү) бир адамдын колуна чогулат. Бул коомчулуктун кайра эле нааразы болуп, толкундоосуна алып келиши мүмкүн. Бул жаңы бийликке деле көйгөй жаратат.

5. Баш аламандыктан пайдаланып, "түндүк-түштүк" кылууну максат кылгандарды көрдүк. Башында Жапаровдун "Президент аягына чейин иштесин" деген позициясы үчүн дагы колдогондор болгон. Кызматка бекигенден кийин "президент кетет" деген сөзү нааразычылыктарды пайда кылып жатат. Бул кайра эле ажырымга, тирешүүлөргө түртөт. Орустар айткандай "один в поле не воин" демекчи, президент кетсе С.Жапаров жалгыз калат. Стабилдүүлүктү сактап калыш үчүн эриш-аркак иштешүүсү зарыл. Президент кетип калса, саясий күрөштөр кайра күчөйт.

6. Кыргызстанга эле эмес, адамзатка келген COVID-19 илдетинен сактанууда мурдагы Өкмөт мүчөлөрүнүн тажрыйбасы бар, аларды толугу менен канат-куйругун бутап салбаш керек.

7. Президент баш аламандык, бийлик талашууларды болтурбоо үчүн ордунда калып, 45 күндө кайра шайлоону өткөрүп берсин. "Кетсин!" деген оорудан айыгалы.

6. Эң башкысы - президенттин айланасында жүргөн, кыйын күндө башын көтөрүп сүйлөп койбогондорго баа берилсин", - деп жазат Дайырбек Орунбеков. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2