2024-12-22
Түрмөк
Жээнбеков сөз эркиндигине кысым кылган жок
"Сооронбай Жээнбеков сөз эркиндигине кысым кылып, тигил же бул журналистти сотко берип куугунтуука алган жок", - деп жазат журналист Улан Бакиров.
"Үстүнө эмне деген жугундуну куюп жатса да, сөз эркиндиги принцибин карманып бир да журналистти куугунтукка алган жок. Бул киши айкөлдүгү, сабырдуулугу менен сынды көтөрдү. КТРКны кара жашик кылып, ГЕЙТ МЕЙТ дегендерди эфирге чыгартып эч кимди каралаткан жок. Өзүн кызылдай каралап жаткан журналисттерди Пресс конференциясына чакырып, алардын ар кандай суроосуна каарданып, жинденип арданбастан чын жүрөктөн жооп берди. Мунун баары биздин жана сиздин көз алдыбызда болгон нерселер урматтуу журналисттер. Биз азыр Жээнбековду колдоочу мезгил келип турат. Колдойлу.. иштесин мөөнөтүн аягына чыгарсын!", - деп жазган Улан Бакиров.