AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент күч органдарын таза эмес кызматкерлеринен тазаланууга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында күч органдарын таза эмес кызматкерлеринен тазаланууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сот, милиция, прокурор эмнеге коррупционер?» десе, айлыгы аз дейт. Минтип айткандан уялуу керек», — деп өзгөчө баса белгилеген мамлекет башчысы мугалим менен врач же пенсионер эмес, мүмкүнчүлүгү чектелген баласын баккан эненин айлыгы бүгүнкү күндө араң эле 5 миң сом экенин эске салды.

«Анда алардын баардыгы коррупционер болуп кетиши керек эле. Тескерисинче, үйдөгү светке карызы жок, өз убагында төлөгөн ким? Пенсионер. Ооруканага акча төлөп, дарыланган ким? Бей-бечара, пенсионер. Ошондуктан, коррупция мына ушул залда отурган органдарда тыйылышы керек. Ошондо мамлекет өнүгөт. Ошондо бюджет көбөйт. Ошондо социалдык калыстык болот. Мына ошол органдарды жетектеген силерде абийир, тазалык, уят, Кудайдан коркуу болмоюнча өлкө өнүкпөйт. Качан гана „карга карганын көзүн чукубайт“ дегендей, бири-бириңерди коргоо токтобосо, адам укугу да корголбойт. Өлкө да өнүкпөйт», — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы коррупционердин баарын камап түгөтүүгө мүмкүн эместигин бул жолу дагы белгиледи.

«Бир жагынан камалып жатат, экинчи жагынан уурдап, кармалып жатат. Андыктан, санариптештирүүнү киргизүү кажет жана коррупция менен күрөшүүчү органдын баарын коррупциядан тазалоо керек. Көзөмөл күчөтүлөт», — деп белгилеген президент, санариптештирүү жана коррупцияны кыскартуу менен бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө, мугалимдер менен медиктердин эмгек акыларын жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр жараларын кошумчалады.

Мамлекет башчысы Башкы прокуратура «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, бул багытта улуттук координатор катары өзүнө тагылган милдеттерди толук кандуу аткарбай жатканын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин «кол тийбестерден» арылууга чакырып, жаш энеден опузалап акча каражатын талап кылган улуттук коопсуздук органынын кызматкери кармалган фактыны эске салды.

Ошондой эле президент финансы полициясы органын ишкерлердин ишине тоскоолдук кылбай, тескерисинче таза атаандаштыкка шарттарды түзүп берүүгө чакырды.

«Силердин кармаган фактыларыңардын баары жарандардын арыздарынын негизинде болуп жатат, алар коңгуроо какмайынча, силер эч кимди кармабайсыңар. Мындай болбошу керек. Ошондуктан, мен силерди дагы бир жолу катарыңардагы коррупциялашкан кызматкерлериңерден тазаланууга чакырам», — деп жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2