2024-12-22
Түрмөк
Түркия Кыргызстанга медициналык аппараттарды жиберди
Кыргызстанга Түркиядан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам катары өпкөнү жасалма дем алдыруу 20 аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 миң ПЦР-тест комплектиси, 20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому, 50 миң N95 коргоочу беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң коргоочу беткап – козыректор жана 10 миң гидроксихлорохин дарысынын таңгагы келди.
2020-жылдын 11-12-февралында Туркиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту алдын алуу үчүн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын тапшырган. Алар: 200 таңгак тест-система, 5 миң бир жолу колдонуучу беткап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоочу фильтри менен беткап жана 12 коргоочу көз айнек.
Эскерте кетсек, 6-июлда Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн негизинде жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында, 7-июлда саламаттык сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча меморандумга кол коюлган.