AUCA the best 2

2025-11-04

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жээнбеков Чүйдөгү медициналык бет кап чыгарган өндүрүштүн иши менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-июлда Чүй облусунун Чүй районундагы «Текстиль транс» ЖЧКсы текстиль фабрикасынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Ишкананын негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемия учурунда жумуш орундарын сактап калуу максатында жарандык демилге көтөрүлүп, ишкана тез аранын ичинде медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн маалымдады.

Тактап айтканда, медициналык бет каптардын үч түрүн: беш катмарлуу KN 95 респиратор бет кабы, KN 95 клапаны менен беш катмарлуу респиратор бет кабы жана үч катмарлуу медициналык бет каптарды өндүрүү үчүн шаймандар сатылып алынган.

Фабрика түрүнө жараша, күнүнө 100 миң даанага чейин бет кап чыгара алат.

Учурда линияларды ишке киргизүү үчүн бардыгы даяр. Бирок Алмазбек Абдраевдин айтымында, тиешелүү мамлекеттик органдардан продукцияны өндүрүү үчүн сертификаттарды алууда маселе жаралууда.

Мындан тышкары, медициналык бет каптарды өндүрүүгө керектүү чийки заттарды алып келүүдө чек арада көйгөйлөр бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаалда бул ишкананын социалдык багытта иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Коронавирус инфекциясы жайылып жатканда бул ооруга каршы күрөшүүдө өз салымдарын кошуп жаткан ишкерлердин ролу чоң экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ата мекендик жеңил өнөр жай жана фармацевтика тармагы медициналык мекемелердин жана коомчулуктун жеке коргонуучу шаймандарга жана медициналык каражаттарга болгон талабын канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгиледи.

Мындай демилгелер азыркы шартта ар тараптуу колдоого татыктуу.

Ушуга байланыштуу, Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык каражаттарды толук кандуу чыгарууга тоскоол болгон маселелерди чечүү Өкмөткө сунушталат деп ишендирди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2