AUCA the best 2

2025-10-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

“Коопсуз шаардын” экинчи бөлүгү бардык облустарды камтыйт

 “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи бөлүгүн ишке киргизиш үчүн курулуш-монтаж иштери башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Комитеттин маалыматына ылайык, 21-августта Бишкек шаарынын Алыкулов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине стационардык аппарат комплексин сыноо режиминде орнотуу башталган. “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи бөлүгү пандемияга байланыштуу айтылган мөөнөттөн кеч башталып, жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпысынан 306 аппарат орнотулат.

2020-жылдын январь айындагы өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген 2019-жылдын март айынын тартып жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айыппулдун жалпы суммасы 592 миллион сом болгон.

“Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган. Жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык “Вега” концерни ишке ашырса, “Коопсуз шаар-2” үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык “Shenzhen Sunwin” компания жеңүүчү аталган.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2