2024-09-14
Түрмөк
“Мекеним Кыргызстан” партиясы депутаттардын санын 2 эсеге кыскартууну сунуштады
Бул тууралуу кечээ, 19-августта партиянын съездинде маалымдалды. Жыйында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасындагы эң актуалдуу сунуштардын бири – бул Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 60ка чейин кыскартуу экени айтылды.
“Депутаттык корпустун санын кыскартуунун каршылаштары мындай көрүнүштү эл өкүлдөрүн сатып алууга мүмкүнчүлүктүн көбөйүшү менен байланышытырып келишет. Бул абсолюттук түрдө жөндүү эмес аргумент. Аз сандаган парламентте бекерчи жана Алымкан депуттатарга кыйын эле болот. Ар бир парламентарий өзүнүн эффективдүүлүгүн көргөзүүгө аракет кылат. Бардык депутаттар алкандагыдай болуп көзгө көрүнүп турат. Эл ар бирин жүзүнөн тааныйт”,- деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.
Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоого карата үгүт иштери 4-сентябрда башталат.