2024-12-21
Түрмөк
Гүлшайыр Садыбакасованын уулу эмнеден каза тапканы маалым болду
Бүгүн, 26-агустта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын жалгыз уулу, ырчы Сайкал Садыбакасованын иниси Эркиндин каза болгондугу тууралуу суук кабар тараган.
Сайкал Садыбакасованын айтымында, Эркин жүрөк оорусунан улам көз жумду. “Иним кечээ түнү Бишкектеги үйдөн жүрөгүм ооруп жатат деп калды. “Тез жардам” кызматын чакыртып, ооруканага алып бардык. Көп өтпөй эле көз жумду. Жүрөгү кичине ооручу окшойт. Бирок астма оорусу менен жабыркап келген”,- деди ал.
Эркин 19 жашта эле. Былтыр орто мектепти аяктап, учурда Эл аралык мамилелер академиясында билим алып жаткан. Ал өзү бир нерсе сезгендей, Инстаграм баракчасынын тарыхча бөлүмүнө акрыкы ирет “Оюн бүттү” деп жазган.