2024-12-21
Түрмөк
Жума намаздарын мечиттерде окууга уруксат берилди
Бул тууралуу Муфтияттын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча жума намаздарын окууда санитардык эрежелерди так сактоо талабы коюлган. Муфтият мечитте сактык чараларын бекем сактоону эскертет.
Талаптар:
-Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.
-Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат.
-Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл.
-Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.
-Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү.
-Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат.
-Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү сунушталат.
-Саат 13:15 де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү.
-Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат.
-Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.
“Жалпы жарандарды беш убак намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы талаптарды толук сактоого чакырабыз”,- деп айтылат маалыматта.