2024-12-22
Түрмөк
Маданият жана спорт ишмерлери кайсы партияны тандашты?
Баарыбызга белгилүү болгондой, шайлоолордо партиялар курамына маданият жана спорт тармагындагы белгилүү инсандарды да чакырышат. Быйылкы шайлоо да буга чейинкилерден өзгөчөлөнгөн жок.
Ырчы мырзалар Бек Борбиев менен Урмат Усенов “Мекеним Кыргызстан” менен чогуу шайлоого аттанып жатышат. Мирбек Атабеков “Республика” партиясын көптөн бери колдоп келерин айтты. Белгилүү спортчу Абдурахман Муртазалиев да “республикачылардын” катарын толуктады.
Ошол эле учурда партияларды колдоодон баш тарткан артисттер да болууда. Кайрат Примбердиев “6 миллион мүчөсү бар кыргыз элим менен чогуу болууну чечтим” десе, юмор чебери Элдияр Кененсаров да бир нече сунуштардан баш тартканы белгилүү болду.