2025-05-13
Түрмөк
Коррупцияга шектелип "Манас" аэропортунун экс-башчысы кармалды

"Манас" эл аралык аэропортундагы коррупциялык схемага байланыштуу кылмыш ишине шектелип аэропорттун экс-башчысы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Мектеп ачылбасын, онлайн окуйбуз - ата-энелер

Учурда WhatsApp тайпаларда ата-энелер арасында мектептердин ачылышы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп жатат. Айрым ата-энелердин айтымында, көпчүлүк салттуу окууга каршы.
Баткенге өзгөчө макам берүү менен эмне өзгөрөт?

Өкмөт Баткен облусуна өзгөчө макам берүү маселесин карап жатат. Облустун чек ара кырдаалы оор болгондуктан, буга чейин да бир канча ирет өзгөчө макам берүү маселеси көтөрүлүп, муну менен көптөгөн жагдайды чечсе боло турганы айтылып келген. Өзгөчө макам берүүдө эмнелерге көңүл бурулат? Баткенге макам берүү менен эмне өзгөрөт? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык.
Бир катар спортчуларга спорт чебери наамы ыйгарылды

Кыргызстандын бир катар спортчуларына "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" жана "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамдары ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
«Ак-Кула» ат майданы көчүрүлбөй турган болду

Буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жергиликтүү радиолордун бирине маек берип жатып, «Ак-Кула» ат майданын шаардын сыртына көчүрүп, ордуна футбол стадионун куруу маселеси каралып жатканын маалымдаган.
Түлеев: Матраимовду мамлекетке иштетиш керек

Нариман Түлеев журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып, Райымбек Матраимов жөнүндө пикирин билдирди. “Матраимов – бул феномен. Ал кишини мамлекетке иштетсе, пайдалуу болот”, - деп айткан Түлеев.
Камчыбек Ташиев эртең өлкөгө учуп келип, дароо Баткенге жөнөйт

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эртең,18-февралда өлкөгө учуп келип, дароо Баткенге жөнөйт. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун Телеграм каналына жарыяланды.
Е. Кочкор уулу: Муфтий тандоодогу критерийлерде чын-ыкластуулук жок

Теолог Елмурат Кочкор уулу, муфтий тандоодогу критерийлер боюнча өз оюн билдирип, андагы катачылыктарды тизмектеп жазды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
УКМКнын ведомстволук сайтын бузуу аракети аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ведомстволук сайтын зыян программалык камсыздоону колдонуп, мыйзамсыз бузуу аракети аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
ЖКнын көпчүлүк коалициясы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүн шайлады

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлады. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.
Серепчи: Бишкектеги мектептерди ачууга болбойт, оору күчөдү

Кечээ күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бир суткада 32 бала пневмония менен келип түштү. Бул маалыматты аталган оорукананын директору Камчыбек Узакбаев тастыктаган.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 10 партия арыз берди

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 10 партия арыз берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Бишкекте актриса Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Муфтийликке талапкерлердин арызын кабыл алуу башталды

Бүгүн, 17-февралдан тартып муфтийликке талапкерлердин арызын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Темирбек Асанбеков чек ара жөнүндө жөнү жок сүйлөдү

"Мекен ынтымагы" партиясынын жетекчиси Темирбек Асанбеков "Регион" телеканалына интервью берип жатып, чек арадагы абал боюнча оюн билдирди. Анда ал чек ара маселесин баткендиктер гана көтөрүшү керек деген таризде сүйлөдү.
Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралууда

Баткен облусуна өзгөчө статус берүү каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда билдирди.
Министр Иманалиев облустук медиа борборлордун жетекчилери менен жолукту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев облустук медиа борборлордун жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Балдарды мектепке электрондук каттоо жүрүүдө

15-февралдан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Токмок шаарларынынын мектептерине 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында көчөт отургузуу аракетине бөгөт коюлду

2021-жылдын 14-февралында Кыргызстандын чек ара кезмети Баткен облусунун Баткен районунун Паскы-Арык айлынын Уч жерлигиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандары тарабынан көчөттөрдү отургузуу аркеттерине бөгөт койду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы маалымдайт.
Чыгаан актриса Жамал Сейдакматова дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.
2021-жылдын 16-февралында Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, дүйнөлүк чыгаан актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
УКМК: Мамлекеттик байланыш агенттигинде дагы бир коррупциялык схеманын бети ачылды

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарын бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Бишкекте өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктен билдиришти.
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүүдө

Бүгүн, 15-февралда жарандык активистер кыргыз-тажик чек арасындагы маселе боюнча Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.
Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев элге кайрылуу жасады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушев видео кайрылуу жасады. Анын видеосун Рустам Калматов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги жеке булактарына таянып, Жээнбековдун Түркиянын Стамбул шаарынан учуп келгенин жазды.
Жапаров Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Садыр Жапаров мектеп куруп берүүнү суранган Бекболот менен жолугат

Интернет айдыңында президенттен жаңы мектеп салып берүүнү өтүнгөн Бекболот Бактыбеков менен Садыр Жапаров жолугушат. Бул тууралуу «Поколение best» кыймылынын башчысы Нуриля Чолпонбаева Facebook баракчасына жазды.
Чыныбаева ата-энелерге айткан сөзүнө комментарий берди

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева борбор калаадагы мектеп окуучуларынын ата-энелери менен болгон жолугушууда айткан сөзүнө Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, интернет желесинде тарап жаткан тасмада Чыныбаеванын сөзү контексттен кыркылып алынган.