AUCA the best 2

2025-12-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Серепчи: Бишкектеги мектептерди ачууга болбойт, оору күчөдү

Кечээ күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна бир суткада 32 бала пневмония менен келип түштү. Бул маалыматты аталган оорукананын директору Камчыбек Узакбаев тастыктаган.

Анын айтымында, учурда жалпысынан пневмония менен ооруган 150 бала дарыланууда. Алардын баары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Тоголок Молдо көчөсүндөгү филиалында жатат.

Ал арада ата-энелер мектептердин ачылышын Бишкек мэриясынан талап кылууда. Борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева бир канча күн мурун ата-энелер менен жолугушкан учурда мектептердин ачылышы боюнча талаш-тартыш орун алган. Анда, ата-энелер салттуу окууга өтүүнү талап кылышкан. Бирок, Чыныбаева мектептерди ачууга аракеттер болгонун билдирип, мындан улам балдар жана мугалимдер оору жуктуруп алганын айткан.

Дарыгер, серепчи Кубанычбек Калпаев учурда кырдаал курч экендигин билдирет. Мектептердин ачылышы вирустун кеңири жайылышына шарт түзөт дейт.

“Кечээ күнү эле пневмония менен бир күндө 30дай бала түштү. Бул селт эттирбей койбойт. Буга чейин Кавасаки оорусу менен катталган балдар болду. Анан ушул кырдаалды көрүп-билип туруп мектептер ачылсын деп талап коюу туура эмес. Андан көрө онлайн окууну ар тараптан өнүктүрүп, билимди бышыктоо керек”, - дейт Калпаев.

Буга чейин Кыргызстанда 15 баладан Кавасаки синдромуна окшош оорунун белгилери аныкталган.

Учурда Кыргызстанда 2 144 мектепте окуучулар салттуу билим алууда.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2