2025-05-13
Түрмөк
Аксыда үч адам спирт ичимдигине ууланып каза тапты

Жалал-Абад облусунда үч адам ууланып каза тапканын "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Садыр Жапаров 11-12-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-12-мартта иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.
Жусуп Абдрахмановдун иш столу Тарых музейине өткөрүп берилди

Мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун иш столу Мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилди.
Жапаров менен Токаев «Астана» каржы борборуна барышты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында эл аралык деңгээлдеги каржы кызматтарын көрсөткөн «Астана» эл аралык каржы борборуна (АЭКБ) барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Выбрал факультет? Поступай на программную инженерию!

Учебная программа факультета «Программная инженерия» основана на учебной программе Ассоциации вычислительной техники (Association for Computing Machinery - ACM) для бакалавра по программной инженерии и адаптирована к стандартам Министерства образования Кыргызской Республики. Поскольку выпускники программы должны обладать как практическими, так и теоретическими знаниями в данной области, студенты 4-го курса пишут свой проект – дипломную работу.
АУЦА: Поступай на прикладную математику!

Прикладная математика – это наука, связанная с разработкой, исследованием и использованием математических моделей для получения новых знаний о природных и социальных явлениях, а также для управления различными технологическими процессами. Прикладная математика, с одной стороны, использует методы и громадный информационный потенциал, накопленный теоретическими разделами математики, а, с другой стороны, опирается на компьютерные науки, бурно развивающиеся в последние годы.
АКШ Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу жөнүндө маалымат бергендерге миллион доллар сунуш кылды

Америка Кошмо Штаттары адам өлтүрүү боюнча соттолгон трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчыбек Көлбаевдин бошотулушунан терең тынчсызданууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул кылмыштуу баңги зат таркатуу тармагын бузууга жардам берген маалымат үчүн миллион долларга чейин сыйлык сунуштайт. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Өкмөт 100 миң сомго чейин берилген насыялардын пайыздык ченин төлөдү

«Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын декабрь айында кабыл алынган токтомунун алкагында, 385 870 насыя алуучуга 100 миң сомго чейин берилген насыялар боюнча пайыздык төлөмдөрдү төлөө үчүн 286 383,2 миң сом субсидияланды.
Оштун борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү.
ЖКнын комитети референдумду 11-апрелге дайындоону жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоону жактырды.
Жогорку Кеңештин комитетинде референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды.
УКМК: Финполдогу чиновник 8 айда 60 млрд сомду сыртка алып чыгып кеткен

Коррупция фактысы боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.
Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигинен (УКМК) билдиришти.
Садыр Жапаров Казакстандан кийин Өзбекстан, Кытай жана Түркияга барарын айтты

Президенти Садыр Жапаров Казакстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында "Казинформ" эл аралык маалымат агенттигине маек курду.
Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат

Бүгүн Бишкек шаарынын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Франциянын экс-президенти Саркози үч жылга кесилди

Францияда сот мурдагы президент Николя Саркозини үч жылга эркинен ажыратты. Ага "Коррупция" жана "Кызмат абалынан аша чабуу" беренелери боюнча айып тагылган.
Президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, мамлекеттик иш сапар менен Казакстан Республикасына кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кыргызстандык балбандар Киевдеги эл аралык мелдеште 13 медаль утту

Кыргызстандык балбандар Украинанын алдыңкы балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеште 13 медаль багындырышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ошто Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү

28-февралда Ош шаарында УКМК тарабынан кармалган Райымбек Матраимовду колдоо митинги өттү.
ИИМ: Улан Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков 1-мартта коомдук коопсуздукту камсыздоодо үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу, уурулук, анын ичинде мал уурулугуна каршы күрөшүү иштерин күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.
Жапаров эртең мамлекеттик иш сапары менен Казакстанга барат

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Сокулукта спорт залда окуучу кыз асынып алган

Сокулук районунда спорт залда 9-класстын окуучусу асынып алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Киевдеги мелдеште Айсулуу Тыныбекова чемпион болду

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Украинада өтүп жаткан спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдеште алтын медаль ээси болду. 28-февралда финалдык беттешке чыгып, украиналык Илона Прокопевнюк менен күч сынашты. Жыйынтыгында, 9:7 эсеби менен жеңишке жетти.
Садыр Жапаров мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу менен жолукту

Президент Садыр Жапаров мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Бекболот Турдушев менен жолукту. Өлкө башчысы менен окуучунун жолугушуусунан тартылган сүрөттөр президеттин телеграм-каналына жарыяланды.
Ош шаарында ар бир ишемби күнү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт

Ош шаарынын борбордук аянтында март айынын ар ишемби күндөрү азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планы бекитилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык стабилдиүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планын бекитти.
Садыр Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-февралда, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерине кеңеш берет

Урматтуу Россия Федерациясынын аймагында жашап,
эмгектенип жаткан мекендештер!
Акыркы күндөрү Россия Федерациясынын аймагында мекендештерибиз «курьер» кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда. Ошондуктан төмөндөгүлөргө көңүл бурууга чакырабыз.
Күзөттө турган милиция кызматкери 4 кылмышкерлерди жалгыз кармап, кылмыштуулукка жол берген эмес

2021-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясынын кызматкери милициянын старшинасы Бекназар уулу Нурсейит күндөгүдөй эле кызматтык милдетин аткарып, кечки текшерүү иштерин жүргүзүп аткан учуру болчу. “Бишкек шаарынын “Бишкек сууканал” ишканаларынын бири Күзөт кызматынын ведомстволук полк милициясынын кайтаруусуна турат.