2024-05-15
Түрмөк
Бүгүнкү күндө 456,5 миң жаран Мамлекеттик жөлөкпул алат
2021-жылдын 2-февралына карата мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 456,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.
Финансы полициясын жоюу боюнча ликвидациялык комиссия түзүлдү
Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясы) жоюу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ликвидациялык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлай.
Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды
Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 277 чет өлкөлүк унаа аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Бакытбек Нарбеков Талас облусуна жетекчи болуп дайындалды
Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Бишкекте эки күндө 45 мас айдоочу кармалды
Бишкек шаарынын аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында, ошондой эле 8-март күнүнө карата тартип бузуулардын алдын алуу максатында 6-7-март күндөрү атайын профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Баткен облусунун аймагынан аткезчилик жүктөр кармалды
Үстүбүздөгү жылы 6-8-март аралыгында Баткен облусунда Тажикстандан ташылып келе жаткан аткезчилик жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
Бишкекте унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочу кармалды
Бишкекте милиция унаасына жасалма номер тагып жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Ошто самбо боюнча өлкөнүн чемпионаты өтүүдө
Ош шаарында 6-мартта самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алган.
Кара-Кулжа районунда ишкерлер борбору ачылат
Кара-Кулжа районунда ишкерлер борбору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирет.
Милициянын кайгуул кызматкерлери жалпы аял затын майрамы менен куттуктады
Милициянын кайгуул кызматкерлери жалпы аял затын майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Марипов Аялдардын эл аралык күнүндө Карылар үйүнө барды
Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март - Аялдардын эл аралык күнүндө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Үй шартында жасалган зыяндуу тамактардын тизмеси
Үй шартында жасалган тамак-аш сырттан сатып алганга караганда 100% пайдалуу деп ойлойсузбу? Тилекке каршы, кээде андай да болбой калат экен.
Монголия 5G интернетин биринчи жолу сынап көрөт
Монголиядагы «E-Mongolia» системасын киргизгенден бери 800 миң колдонуучуну өзүнө тартты. Башкача айтканда, бул аркылуу жарандар 180ден ашык мамлекеттик кызматтарды алышат.
Бишкекте жасалма номер тагылган Toyota Camry унаасы кармалды
Бишкекте жасалма номер тагылган Toyota Camry унаасы кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.
Ошто 8-мартка карата майрамдык иш-чара болуп өттү
Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Жапаровдун 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосу
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз мал өткөрүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.
«Интердин» мурунку оюнчусу кыргызстандык клуб үчүн ойнойт
«Алай» футболдук клубу «Интердин» мурунку оюнчусу Тиджани Белаид менен келишим түздү. Бул тууралуу клубдун директору Алмаз Сулайманов маалымдады.
Экономика министрлиги супермаркеттер менен азык-түлүктүн баасын көтөрбөөгө макулдашты
Негизи керектелүүчү азык-түлүктүн бааларынын өсүшүн кармап туруу боюнча Экономика жана финансы министрлиги , Фрунзе, Глобус, Народный жана башка соода түйүндөрү, КР кантты өнөр жайлык керектөөчүлөр ассоциациясы жана башка азык-түлүк товарларын жеткирүүчүлөрдү катышуусунда бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Шевченконун кийинки беттеши апрелде өтөт
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун кийинки беттеши 24-апрелде өтөт. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайты жарыялады.
Жалал-Абад милициясында журналист айымдар сыйланды
8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы менен тыгыз кызматташкан басма сөз катчылар жана телевидение кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Талас облусунун башчысы Айбек Бузурманкулов кызматынан бошотулду
Айбек Бузурманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Улан Ниязбеков - Айымдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоо жолдоду
Ички иштер министри Улан Ниязбеков 8-март – Айымдардын эл аралык күнүнө карата кыргызстандык айымдарга куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Өзбекстан пахта өндүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы орунду ээледи
Дүйнөдөгү маркетингдик изилдөө боюнча Research and Market дүкөнү дүйнөлүк пахта рыногун изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда пахта өндүрүү, керектөө, экспорттоо жана импорттоо боюнча алдыңкы жети өлкө көрсөтүлгөн.
Контрабандалык жол менен ташылып келген 12 тонна мандарин кармалды
Контрабандалык жол менен ташылып келген 12 тонна мандаринди кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Ош шаарында ак калпакчан 1,5 миң жаштар жөө жүрүш жасашты
Бүгүн, 5-март Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында "Улуттук кийимдер" жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Садыр Жапаров судьяларды таза жана акыйкат иштөөгө чакырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада судьяларды мыйзамды туу тутуп, таза жана акыйкат иштөөгө чакырды.
УКМК: Кара-Көл шаардык милициясынын башчысы кармалды
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык милициясынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте батир алдамчылыгы боюнча УКТ мүчөсү кармалды
Бишкекте Криминалдык милиция кызматкерлери Карагер каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Суваналиев Согди жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстан Республикасынын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.