AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Садыр Жапаров судьяларды таза жана акыйкат иштөөгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада судьяларды мыйзамды туу тутуп, таза жана акыйкат иштөөгө чакырды.

102611.730x400.jpg

Мамлекет башчысы судьялар корпусуна кайрылып: «Бүгүнтөн баштап мен өзүм сиздерди коргоп, сиздерге көз карандысыздыктын кепили болуп берейин. Сиздер болгону кайраттуу болуп, эрктүүлүгүңөрдү көрсөтүп, кандай гана кийлигишүү менен басым болбосун, каршылык кылып, бекем туруп бергиле!», — деп билдирди.

Садыр Жапаров мындан ары бийлик түзүмдөрүнөн судьяларга эч ким эч кандай көрсөтмө бербестигине кепилдик берди.

«Бирок талап дагы мындан ары күчтүү болот. Ар бир мыйзамсыз чечим үчүн керт башыңар менен жооп бересиңер деп ар бириңерге эскертем. Бүгүнтөн баштап сиздерди мыйзамдуу гана чечим сактай алат. Судьянын жана жалпы сот тутумунун кадыр-баркын баардыгыбыз биргелешип көтөрүп, аны баалап-сактайлы», — деп чакырык таштады Президент.

Садыр Жапаров судьялыкка тандалып жаткан талапкерлерге карата «укук тармагы жана сот өндүрүшү боюнча компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогору болууга тийиш» деген принципти кармануу менен судьяларды тандоо тартибин кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.

«Негизинен сот адилеттигин жашоо тажрыйбасы чоң, моралдык принциптери жогору, кесипкөй адамдар жүзөгө ашырууга тийиш. Ошого байланыштуу жогорку соттук инстанцияга кынтыксыз аброю жана судьялык стажы бар адамдар дайындалса жакшы болор эле», — деди Президент. Ошондой эле ал сот тутумун квалификациясы жогору болгон жаңы кадрлар менен толуктоо максатында, тандоого биринчи ирет катышып жаткан талапкерлерди атайын адистештирилген даярдыктан өткөрүү зарыл экенин айтты.

Сот тутумунун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, судьялардын эмгек акыларын көтөрүү, социалдык кепилдиктерин камсыздоо, санариптештирүүнү киргизүү, ошондой эле башка алгылыктуу иштер болорун кошумчалады.

«Балким, коюлуп жаткан талаптар, бир караганда, амбициоздуу жана аткарылгыс болуп көрүнөт. Аларды ишке ашыруу үчүн көптөгөн күчтөр жумшалып, олуттуу материалдык каражаттар сарпталашышы керек. Бирок эч нерсеге карабай, биз аталган маселелерди чечишибиз зарыл, себеби ошондон экономиканын жана бүтүндөй мамлекеттин келечеги көз каранды», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2