AUCA the best 2

2025-05-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Ошто 8-мартка карата майрамдык иш-чара болуп өттү

Ошто 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

800003b8-ccdc-4dc3-a86e-74a6b5d7803a.730x400.jpg

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган салтанат С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишкерлер катышты.

Шаар мэри бардык айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, аялзат - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.

"Жаратканнын аялзатына дүйнөнү көрккө бөлгөн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган сүйүүнүн жана боорукердиктин улуу күчүн ыйгарган экен. Анткени, сиздерди ак пейилиңиздер, энелер мээримиңиздер, жан дүйнөңүздөр, сулуулугуңуздар, жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларында күчүңө күч, демиңе дем кошуп, келечекке ишенимди арттырат. Жашообуздун маңызы, тамыры, өсүп-өнүгүүсү жана келечеги эненин, жубайдын, кыз-келиндердин колунда деп билем. Эненин терметкен бешиги жер шаарын тынчтыкка бөлөсө, эже-карындаштарыбыздын жылмайганы ааламга нур чачып, дүйнөнү гүл бакчага айланат. Кыргыздын көптөгөн кыз-келиндери эр жигиттерден кем калбай мекенди коргоодо жана мамлекеттүүлүктү сактоодо да арбын иш жасап, атасынын, жан шеригинин, ага-инилеринин ар дайым жанында болушкан. Эркин демократиялык багытты тандап алган азыркы жолубузда аял залынан ушул асыл сапаты баарыбызга таяныч болууда. Аялзаты эң биринчи мээримдүү эне, жашоонун жарыгы, үйдүн куту деп эсептейбиз. Тилегеним эч бир үйдүн куту өчпөсө, асыл энелердин башынан ак элечеги түшпөсө, энелердин ыйы болбосо, жараткан жамандыктан сактаса дегим келет. Жаз менен наздын, өмүр менен гүлдүн, сулуулук менен аруулукьун, мээрим менен кайратмандыктын туу чокусу болуп жүрө бериңиздер айымдар!" - деди Таалайбек Сарыбашов.

Иш-чаранын жүрүшүндө энелерге белгилүү эстрада ырчылардын жана чыгармачыл инсандардын катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланды.

Ага 700дөн ашуун энелер катышып, белектер тапшырылды.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2