2024-05-16
Түрмөк
Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды
Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде КРнын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Чек ара боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү
Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гүлистан шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Опузалоого шектелген сот аткаруучу ээлеген кызматынан бошотулду
Опузалоого шектелип жаткан Чүй облусунун Кемин районунун сот аткаруу кызматы бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу М.А.А. ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу КРнын Жогорку сотунун Сот департаментинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди.
Ош облусунда электромобилдик бекет ачылат
Кечээ, 17-мартта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу районуна иш-сапары менен барды.
Завтра в ряде район Бишкека временно не будет воды
В связи с проведением ремонтно-профилактических работ на водозаборе «ХБО» и на городских водопроводных сетях в рамках подготовки к весенне-летнему периоду завтра, 18 марта, с 9:00 утра до 15:00 часов дня будет прекращена подача питьевой воды в ряде районов, сообщают в мэрии Бишкека.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Шадиев боюнча үн катты
Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген маегинде АКШ Кыргызстандагы айрым коррупциялык иштерге тиешелүү жарандарга карата кош стандарттуу саясат жүргүзүүдө деп сындаган.
Бишкекте альпинизм боюнча ачык чемпионат өтөт
Бишкекте 18-21-март аралыгында "On The Wake" экстремалдык борборунда (Анкара көчөсү 1/31) альпинизм боюнча мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Бишкекте ишкердин 3,7 млн сомун алдап алган шектүү кармалды
Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Новиков: 1-сентябрга карата «Мекен карт» берилип башташы керек
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков «Мекен карт» демилгесин ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Борбор калаада жолдорду оңдоо. Бишкектин кайсы жерлеринде кыймыл чектелет
Жаздын алгачкы күндөрүнөн баштап "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2021-жылга карата өндүрүш планына ылайык борбор калаанын көчөлөрүн оңдоого киришти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Садыр Жапаров Аксы окуяларына карата кайрылуу жолдоду
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
ИИМ: Мыйзамсыз миграция уюштуруунун 49 фактысы аныкталды
Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн "Нелегал" ыкчам-профилактык иш-чарасын жүргүзүүнүн алкагында мыйзамсыз миграция уюштуруунун 49 фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстан AstraZeneca вакцинасын алууну токтотуу маселесин кароодо
Кыргызстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасын ташууну убактылуу токтотуу маселесин кароодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат өтөт
Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Новиков: Балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат
Өлкөдө балдар жана өспүрүмдөр спорту өнүкпөй жатат, себеби – балдар машыгуучу жайлар жана тийиштүү инфраструктура жок. Бул туурасында КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды
2021-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте, КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды өндүрүү, жайылтуу, ташуу же жөнөтүү, же экстремисттик уюмдардын белгилерин же атрибуттарын интернет аркылуу жайылтуу” менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористик уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири, Жалал-Абад облусунун тургуну 1996-жылы туулган У.Д.нын үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн.
Азат Базаркулов «Альфа Телекомго» кайрадан жетекчи болду
Азат Базаркулов кайрадан «Альфа Телеком» Жабык акционердик коомунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абадда зордук-зомбулукка каршы иштер жүргүзүлүүдө
Бүгүн, 16-мартта Кыргызстандын Ала-Бука жана Чаткал аймактарында райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте зордук-зомбулуктун алдын алуу жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жапаров тышкы карыз төлөнбөсө, кайсы объектилер берилерин айтты
Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна маек куруп жатып, тышкы карыз тууралуу суроолорго жооп берди. Журналист Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкынан алган насыяны келишимде каралган убагында төлөбөсө, кайсы объектилер берилип кетерин сурады.
Беловодск айылында алдамчылыкка шектелип УКТ мүчөсү кармалды
Москва райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында алдамчылыкка шектелген жаран кармалган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Ирактан 79 кыргыз жарандарынын балдары мекенге кайтарылды
Өткөрүлгөн «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Баткенде 8 жетекчи аттестациялык сынакка кирип, үчөө өтпөй калды
Баткен облусунда жетекчилик кызматтагы 5 адам аттестациядан өтүп, үчөө өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.
Бишкекте жеңил атлетиканын кросс түрү боюнча өлкө чемпионаты өттү
Кечээ, 14-мартта Бишкекте жеңил атлетиканын кросс түрү боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Садыр Жапаров ТМККнын Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Айылдык кеңешке депутат болууну каалагандар 19 миңден ашты
Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга арыз тапшыргандар 19 миң 140 адамга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Садыр Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
УКМК: Бүгүн тажик тарап менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр башталат
«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын атайын кызмат башчысы Абдусалам Азизов менен делимитация жана демаркация иштери боюнча бүгүн сүйлөшүүлөрдү баштады» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК билдирди.
ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май бир айда 11,5%га кымбаттады
Республика боюнча күйүүчү-майлоочу материалдардын чекене баалары бир айда 11,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Баткенде баңгизаттар, курал жана ок-дарылар сакталган жер табылды
Баткен облусунда баңгизаттар, курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматы кызматы билдирет.