AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Садыр Жапаров ТМККнын Башкы катчысы Багдад Амреевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

103297.730x400.jpg

 

Мамлекет башчысы Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери жакшы натыйжаларга жетишип, эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгонун канааттануу менен баса белгиледи.

Ал ТМККнын коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында жигердүү иш алып барып жатканын белгилеп, анын бул багыттагы аракеттери кеңешке мүчө-мамлекеттерге эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга жардам берип жатканына токтолду.

Садыр Жапаров ошондой эле, Түрк кеңешинин Инвестициялык фондусун түзүүнүн жана анын кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруунун маанисин баса белгиледи.

Өз кезегинде Багдад Амреев Садыр Жапаровдун Казакстан жана Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарларынын ийгиликтүү жыйынтыктарын канааттануу менен белгилеп, бул түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө жана биримдигине өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

ТМККнын Башкы катчысы Түрк кеңешинин алкагында күн тартибиндеги бардык багыттарда, анын ичинде Түрк кеңешинин Инвестициялык фондусун Бишкекте түзүү боюнча да биргелешкен иштерди жүргүзүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, кыргыз тарап мындан ары да түрк тилдүү өлкөлөр менен бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоо багытында ырааттуу иш алып барарын баса белгилеп, жакынкы убакка мерчемделген ТМКК мамлекеттеринин башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышарын тастыктады.

undefined

undefined

undefined

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2