2025-05-13
Түрмөк
Коронавируска каршы вакцинанын оң жана терс жактары

Вакцинанын башкы артыкчыгы иммунитетти активдештирүүсү жана COVID-19ду жок кыла турган антитела иштеп чыгуусу болуп саналат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Казакстандын Алматы шаарында карантин чаралары жумшартылды

Казакстандын эң чоң шаары Алматыда карантин эрежелери жумшартылды.
Калаада эпидемиялык абал начарлап жатканын мойнуна алганы менен Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин соода, оюн- зоок борборлоруна жумуш күндөрү кечки саат 22.00гө чейин иштөөгө уруксат берди. Дем алышта алар жабык болот. Ачык жана жабык азык-түлүк базарлары жекшембиден бөлөк күндөрү иштей беришет.
Бишкекте быйылкы жылдын эсебинен биринчи веложүрүш өттү

4-апрелде Бишкек шаарында активдүү жашоо образын жактырган шаардыктар үчүн веложүрүш өттү.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, веложүрүшкө мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да катышты.
Нурбек Абдиев ИИМ министринин орун басары болуп дайындалды

Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери жолукту

Кечээ, 2-апрелде Москва шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Казакстанда үч жогорку окуу жай аккредитациядан ажыратылды

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги үч жогорку окуу жай постаккредитациялык мониторингден өтүүдөн баш тартканы үчүн алардын аккредитациясын чакыртып алды.
Алмазбек Атамбаев 7-июнга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын 7-июнга чейин узартты.
Жапаров иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Мамкаттоо кызматы жакын арада мобилдик тиркемени ишке киргизет

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу иретинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2021-жылдын 1-майына чейин электрондук ID-карта, электрондук айдоочулук күбөлүк, транспорттук каражаттарды катоо тууралуу электрондук күбөлүк түрүндөгү санариптик документтерди ишке киргизүү сунушталды. Аталган чаралар мамлекеттин жарандар менен өз-ара аракеттешүү процедурасын жөнөкөйлөштүрүүгө жана аларды Мамлекеттик электрондук тейлөө порталына жайгаштырууга багытталган.
Улуттук банк 50,2 миллион долларлык интервенция жасады

Улуттук банк валюта базарына интервенция жасап, 50,2 млн сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.
Айыл чарба министри Кыргызстандын Кореядагы элчиси менен жолукту

Кечээ, 1-апрелде КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстандын Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Салык кызматы 1-кварталда 21,7 млрд сом салык жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь-март айларында 21 млрд 743 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 106,5 %га аткарылды же 1 млрд 320 млн сомго ашыгы менен жыйналды.
ТИМдин каза болгон кызматкери боюнча кылмыш иши козголду

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу агенттикке Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кордайда Кыргызстан менен Казакстандын премьерлери жолукту

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйыны алкагында Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Бейшеналиев самовольно выдвинул себя на пост гендиректора ЮНЕСКО

В МИД подтвердили, что Алмазбек Бейшеналиев самовольно выдвинул себя на пост гендиректора ЮНЕСКО. Об этом 24.kg сообщили в пресс-службе внешнеполитического ведомства.
Улукбек Марипов COVID-19га каршы эмдөөнү кийинчерээк алат

КРнын премьер-министри Улукбек Мариповдун пикиринде эмдөөнү алгач коркунуч зонасындагылар – медицина кызматкерлери, аскер кызматкерлери, мугалимдер алышы керек.
Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 1-апрелде Башкы прокуратуранын жетекчилиги тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууга карата, кыймылсыз, кыймылдуу мүлк ортосундагы талаштар жана ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өзбекстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 1-апрелден тартып өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы жапырт эмдөө башталат.
Жогорку Кеңешке эки жаңы эл өкүлү келди

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын ээлеп турган Равшан Рысбаев жана «GARANT-AUTO» жана башка бир нече компанияны жетектеп келген Мейкинбек Абдалиевдер Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелдеги Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда белгилүү болду.
Кыргызстанда 304 адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата COVID-19 инфекциясына каршы 304 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамсыз баюуга шектелген Аманкулов мандатын тапшырды

Бүгүн, 1-апрелде БШКнын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Депутат Мирлан Бакиров мандатынан ажыратылды

Бүгүн, 1-апрелде БШКнын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров мандатынан ажыратылды.
ӨКМ: “Сосновка” жана “Арал” постторундагы чектөө алына элек

“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алына элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө абагында калтырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө абагында камоо мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Сузакта дайынсыз жоголгон 31 жаштагы Барнохан изделүүдө

Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну 1990-жылы туулган Махмутжан кызы Барнохан дайынсыз болууда.
Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Талант Мамытов БУУнун өкүлү Наталья Германды кабыл алды

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн алдын ала чара көрүү боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Германды кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
23 өлкө пандемия боюнча глобалдык келишимге кол коюуну сунуштады

23 өлкөнүн лидерлери менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) пандемияга каршы күрөшүү боюнча глобалдык келишимге кол коюуну сунушташты. Алардын арасында Улуу Британия, Германия, Франция жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр бар.
2021-жылы Бишкекте 5 мектеп жана 5 бала бакча куруу пландалууда

Бул жылы Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 5 бала бакча курулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу билдирди.
Кыргызстандын муфтийин шайлоо эки айга жылдырылды

Кыргызстандын муфтийин шайлоо эки айга жылдырылды. Бул тууралуу Аалымдар кеңешинен кабарлашты.