AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Талант Мамытов БУУнун өкүлү Наталья Германды кабыл алды

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн алдын ала чара көрүү боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Германды кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

167448298_3997865800276381_5711095040929429837_n.730x400.jpg

Ошондой эле жолугушууга БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Ожиело Озонния, Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков менен парламенттеги айым депутаттарынын форумунун төрайымы, депутат Гүлшат Асылбаева катышты.

Тараптар Кыргызстан менен Бириккен Улуттар уюмунун кызматташтыгын кеңири талкуулап, 2021-жылдагы шайлоолорго жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга тиешелүү маселелер боюнча да пикир алмашты.

Төрага Талант Мамытов жакында өтүүчү ири саясий окуялар тууралуу маалымат берип, айрыкча 11-апрелде боло турган референдум жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан даярдыкка токтолду. Буга байланыштуу төрага добуш берүү жараяндарынын ачык-айкындуулугун камсыздоо багытында улуттук жана эл аралык уюмдардын, анын ичинен БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да байкоочу катары чакырылганын кошумчалады.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман боло турган шайлоо жараяндары калктын бардык катмарынын катышуусунда таза жана ачык-айкын өтөөрүнө ишеним артаарын билдирди. Андан сырткары, Кыргызстанда алгач ирет жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квотанын киргизилишин канаттануу менен белгилеп, буга ылайык, айылдарда айым депутаттардын саны артаары күтүлүп жатканын жүйө келтирди.

Муну менен катар жолугушууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору кабыл алынса мыйзамдарды ага шайкеш келтирүү маселелери боюнча сөз болду. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман белгилегендей, Жогорку Кеңештин алдында мыйзамдык базаны инвентаризациялоо боюнча чоң иштер турат. Андыктан, ал 11-апрелден кийин демократияны өнүктүрүү жана адам укугун коргоо багытындагы мыйзамдык базаны инвентаризациялоого эксперттик жана техникалык алкакта жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуу соңунда төрага Талант Мамытов Кыргыз Республикасы демократияны өнүктүрүү жана адам укугун коргоо багытындагы иштерин уланта берерин белгилеп, андан тышкары бардык эл аралык милдеттемелерин аткарарын кошумчалады.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2