2025-05-13
Түрмөк
Кыргызстанда коронавирустун 4 штаммы аныкталды

Кыргызстанда коронавирустун 4 штаммы аныкталды, - деп маалымдайт Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.
Зыяндуу тамак-ашты жарнамалоону чектөө сунушталууда

2021-жылдын 21-апрелинен тарта "КР айрым мыйзам актыларына ("Жарнама жөнүндө", "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлууда.
Бишкекте 45 окуучудан жана 24 мугалимден COVID-19 аныкталган

Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.
Бишкекте эки маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Бишкекте жүргүнчү ташыган эки маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Факультет «Свободные искусства и науки» АУЦА

Одна из самых уникальных программ бакалавриата в АУЦА – «Свободные искусства и науки». Это первая междисциплинарная программа в университете, которая предлагает широту гуманитарного образования и глубину специализированных знаний в выбранной концентрации. Программа ориентирована на различные дисциплины в рамках общественных и гуманитарных наук. Уникальность факультета состоит и в том, что он дает свободу и гибкость, возможность экспериментировать. Выбрать профессию сразу после окончания школы достаточно сложно, а программа поможет определиться со своими интересами и предпочтениями.
Магистерская программа АУЦА «Социология»

Социология — это наука, изучающая социальное, экономическое, политическое состояние общества. Социологи могут изучать прошлое, настоящее и предсказывать будущее, выявлять причины различных событий, анализировать тенденции развития отдельных культур, сообществ и целых стран.
Казакбаев Япониянын элчиси жана JICAнын өкүлү менен жолукту

Кечээ, 21-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын КРдагы элчиси Сигэки Маэда, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) КРдагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки жана Кыргызстанда иш жүргүзгөн Япониянын компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз-катар кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланды

Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катардын Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы Ахмад Хассан Аль-Хаммади менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Катардагы элчилигинен билдиришти.
Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды

Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Коррупцияга шектелген Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Финполдун мурдагы башчысы Таиров күнөөлүү деп табылды

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) мурдагы башчысы Бакир Таиров КРнын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгиси боюнча күнөөлүү деп табылды. Мындай чечим Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.
Жамбыл аркылуу «Бишкек—Талас—Бишкек» каттамы жандандырылды

Казакстандын Жамбыл облусу аркылуу өткөн «Бишкек—Талас—Бишкек» транзиттик каттамы жандандырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Салык кодексинин жаңы редакциясы жазылууда

Кыргызстанда Салык кодексинин жаңы редакциясы жазыла башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев билдирди.
ИИМдин делегациясы Ташкентке расмий иш сапары менен барды

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен барышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет
Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону жаңы аба каттамы ачылды

“Ош” эл аралык аэропортунда “Азимут” авиакомпаниясынын Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону чартердик каттамы салтанаттуу тосуп алынды.
Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында жолдор кардан тазаланууда

Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында инерттүү материалдарды чачуу жана жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.
Өлкөдө 306 адамдан коронавирус аныкталды, анын 203ү Бишкекте

Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирус дагы 306 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
8 партия шайлоо жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда

Сегиз партия «Ата Журт Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу алар Бишкекте өткөн жыйын учурунда билдиришти.
Чыңгыз Айтматовдун жубайы - Мария Айтматова дүйнө салды

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы — Мария Айтматова 79 жашка караган курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары ырастады.
Башкы прокурор эң көп коррупциялашкан органдарды атады

Бүгүн, 20-апрелде Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин тармактык комитетинде прокуратура органдарынын былтыр аткарган иштери тууралуу отчет берүүдө
Айдаркен сымап комбинатын жандантуу аракеттери көрүлүүдө

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев жана энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Бакыт Дегенбаев баштаган комиссия Айдаркен сымап комбинатында жумушчу сапар менен болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстанда лотерея билеттерин электрондоштуруу сунушталууда

"Лотереялар жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2021-жылдын 19-апрелинен тарта коомдук талкууга коюлат. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева.
Бишкекте таяк тартыш боюнча республикалык чемпионат өттү

Бишкекте таяк тартыш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Кыргызстанда сутка ичинде 225 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус дагы 225 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Бөйрөк оорусу барлар COVID-19га каршы сөзсүз эмделиши керек

Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк оорусу бар адамдар эмне үчүн COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керектигин билдирди.
COVID-19. Кыргызстанда жалпы 10 миң 830 адам вакцина алды

Кыргызстанда жалпы 10 миң 830 адам “Синофарм” вакцинасын алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

20-апрелде күндүз жана 21-22-апрелде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Кыргызгидромет: Өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү күтүлөт

Өлкөнүн түштүк аймагында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Бишкек мэриясы: "Көк-Жар" конушу канализацияга туташтырылат

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар жаңы конушуна канализация тармагын курууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Марипов Ош–Баткен–Исфана автожолун өз көзөмөлүнө алды

Премьер-министр Улукбек Марипов Ош–Баткен–Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн көзөмөлгө алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.