AUCA the best 2

2025-11-07

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Салык кодексинин жаңы редакциясы жазылууда

Кыргызстанда Салык кодексинин жаңы редакциясы жазыла башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев билдирди.

7daceff7-65a3-40b2-82e0-fbd5bg1b0f1ec.730x0.jpg

Анын айтымында, 2009-жылы кабыл алынган Салык кодексине ушул күнгө чейин 130дан ашык өзгөрүү, толуктоолор киргизилди.

“Аны колдонууда бир катар кыйынчылыктар жаралып жатат. Ишкерлерден келген кайрылууларды карасак, аталган кодексте өтө көп карама-каршылыктар бар экен. Мындан улам Салык кодексиндеги мүчүлүштүктөрдү жоюп, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына ЖК депутаты, ишкердик ассоциациясынын, мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү кирген. Кодекстин жаңы редакциясы сентябрь айына чейин жазылат. Сентябрда Жогорку Кеңешке киргизип, 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп пландоодобуз”, - дейт ал.

Алиев сентябрга чейин кызыкдар тараптар өздөрүнүн сунуштарын киргизе аларын белгилейт.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова Салык кодексине бир жыл ичинде бир топ өзгөрүүлөр кирип жатканына токтолду


“Бир жылда бир-эки жолу гана өзгөртүү киргизүү керектиги каралып жатат. Ошоной эле 3 түр салык болсо, аларды бириктирип, бирдиктүү салык түзүү пландалууда. Мындан сырткары, текшерилүүлөрдү азайтып, жер жана мүлк салыгын бириктирүү каралууда”, - дейт Карагулова.

Бекболот Алиев Салык кодексинин жаңы редакциясында төмөнкү артыкчылыктар караларын билдирди:

Бизнес үчүн:

- салык милдеттенмелерди жеңилдетүү;
- салык милдеттенмелерин аткарууда каптиталдык, операциялык чыгымдарын азайтуу;
- салык органдарынын кызматкерлери менен байланыш жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү (автоматташтыруу);
- кара ниет атаандаштыкты жок кылуу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо;
- ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөргө чыгып жаткан продукцияларга жеңилдиктерди түзүү.

Мамлекет үчүн:

- ар бир товарды байкоого алуу;
- мыйзамсыз товар жүгүртүүнү токтотуу.

Калк үчүн:

- ачык рынокто товарлардын адекваттуу бааларын түзүү;
- товардын түп нускасына жана сапатына кепилдик түзүү (маркалоо).

Бизнес-омбудсмендин орун басары Нурлан Мусуралиев мамлекеттик орган айрым чечимдерди кабыл алып, кайра андан баш тартканда бизнеске терс таасир тийгизерин айтат.

“Практикага көз чаптырсак, биз тарабынан ишкердиктин өнүгүүсүнө жолтоо болгон бир нече көйгөй аныкталган. Чындыгында, ченемдик-укуктук базаны кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү тарабынан түшүнүүдө кыйынчылык жаралат”, - дейт ал.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2