AUCA the best 2

2025-11-07

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Казакбаев Япониянын элчиси жана JICAнын өкүлү менен жолукту

Кечээ, 21-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын КРдагы элчиси Сигэки Маэда, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) КРдагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки жана Кыргызстанда иш жүргүзгөн Япониянын компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

9d5e91d9-7722-42b8-900жяэa-e936eb061a75.jpg

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев япон тарапка Кыргызстандагы ички саясий жана экономикалык кырдаал жөнүндө айтып берди, ошондой эле тышкы саясаттын, анын ичинде Япония менен өнөктөштүк кызматташууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары өзгөрүлбөй тургандыгын белгиледи. Эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде инвестициялык кызматташуу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Тышкы саясат мекемесинин башчысы Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстанда маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга багытталган жигердүү ишин белгилеп, ишке ашырылып жаткан мындай ийгиликтүү долбоорлордун бири “Бир айыл - бир продукт" долбоору экендигин эскертти.

КРда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кыргыз тарап чет өлкөлүк инвесторлорду жана инвестицияларды коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, атап айтканда, КР президенти С.Жапаровдун "Жеке менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө" жарлыгы боюнча мааалымат берилди.

Соода, инвестиция тартуу, медицинаны, айыл чарбасын жана IT индустриясын өнүктүрүү жаатындагы маселелерге токтолуп, Япониянын элчиси Сигэки Маэда экономикалык дипломатия боюнча презентация жасады. Япония менен ишкер байланыштарын, анын ичинде тышкы сооданы өнүктүрүү боюнча Япония уюмунун (JETRO) тармагын колдонуу менен кеңейтүү боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.

JICAнын КРдагы туруктуу өкүлү Немото Наоюки кызматташуунун негизги багыттары менен программаларына токтолду, алардын негизги саясаты – Кыргыз Республикасында туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүштү колдоо болуп саналат. Тактап айтканда, Н.Наоюки тармакты диверсификациялоо жана жумуш орундарын түзүү боюнча (айыл чарба продукцияларын экспорттоого көмөктөшүү, чакан жана орто бизнести, өнөр жайын өнүктүрүү жана диверсификациялоо үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү), ошондой эле мамлекеттик башкарууну жана социалдык чөйрөнү (мамлекеттик кадрларды окутуу, мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө жардам берүү, саламаттыкты сактоо маселелери ж.б.) өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле Япониянын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалогу болуп, анын жүрүшүндө инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Японияга жайылтуу, IT-технологияларын өнүктүрүү, кыргыз жарандарын Японияда жумушка орноштуруу, эки тараптуу келишимдерди түзүү, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу жана жеңилдетилген шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, тараптар жемиштүү кызматташууну улантуу, эки өлкөнүн ортосундагы инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо боюнча макулдашууну, ошондой эле эмгек миграциясы жаатындагы меморандумду иштеп чыгууну тездетүү боюнча макулдашууга жетишишти.

undefinedundefined

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2