AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ТИМдин каза болгон кызматкери боюнча кылмыш иши козголду

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Бахтияр Шакировдун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу агенттикке Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

a2e4aba7e6d89f0efa8aaeac252ae03d.730x0.jpg

Милициянын маалыматы боюнча, 2021-жылы 1-апрелде саат болжол менен 00:14 чамасында 102 кызматына Эне-баланы коргоо улуттук борборунан болжол менен 40 жаштардагы адам каза болгону тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ИИБ шаардык милициясынын экинчи бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу барганда алгачкы маалыматтар алынган, анда 2021-жылы 31-мартта болжол менен 22:30дар чамасында 1982-жылы туулган Ш.Б. асма укол алуу үчүн өзүнүн дары-дармектери менен аталган ооруканага келген. Медайым ага асма укол сайгандан кийин ал өзүн жаман сезип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай ал эсине келбей жатып ошол жерде каза болгон.

Аталган факт Ленин райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Мындан тышкары, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн зарыл болгон бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, мындан мурда “Кабар” маалымат агенттигине республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Бахтияр Шакиров SinoPfarm вакцинасын алгандан кийин каза болгондугу тууралуу маалыматты жокко чыгарган.

Өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперттеринин маалыматы боюнча, Ш.Б.нын денесин кароодо вакцинага мүнөздүү издер табылбагандыгын билдирет.

Белгиленгендей, экспертизанын акыркы жыйынтыгы 14 күндүн ичинде чыгарылат.

“Бардык жарандарды, андан тышкары, маалымат агенттиктерди такталбаган маалымат таратуу менен коомчулукту адаштырбоого жана элдин арасында дүрбөлөңгө түшүүсүнө жол бербөөгө чакырабыз. Мындан тышкары, айрым адамдарга атайылап туура эмес маалымат таратууга кылмыш иши каралганын эске салабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон учурда коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуунун жалгыз жолу вакцинация экенин билдирди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2