AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Ирактан 79 кыргыз жарандарынын балдары мекенге кайтарылды

 Өткөрүлгөн «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

ali_0252.730x400.jpg

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-мартта өлкөгө Ирактан атайын борт учуп келди.

Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болуп саналгандыгын белгилей кетүү зарыл.

Репатриация боюнча олуттуу даярдык көрүү ишти камтыган иш-чаралар комплексинин алкагында, ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин балдарды мекенине кайтарууну даярдоо боюнча тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн 2021-жылдын февралынын аягында Ирак Республикасына гуманитардык миссия менен дипломатиялык кызматкерлердин, КР өкмөтүнүн жана башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн эсебинен түзүлгөн жумушчу топ жөнөтүлгөн.

Балдарды репатриациялоо өлкөбүздүн жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында, КР өкмөтүнүн координациялоосунун астында, Кыргызстандын тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү жааттарындагы мамлекеттик органдарынын жана Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин ведомстволор аралык өз ара ырааттуу аракеттенүүсүнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.

Балдарды мекенине кайтаруу репатриациялык иш-чаралар алгоритминин бир бөлүгү болуп саналып, ага ылайык балдарды кийин туугандарына өткөрүп берүү үчүн тийиштүү кызматтар аларды реабилитациялоо жана ресоциализациялоо иштерин жүргүзүүгө тийиш.

Белгилеп кетчү нерсе, балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген алардын Кыргызстандагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылды.

Мекенине кайтарылган балдарга КР өкмөтү тарабынан ар тараптуу жардам берилет. Аларды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чаралар өткөрүлөт.

КР өкмөтү балдарды репатриациялоо процессин уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн Ирак Республикасынын өкмөтүнө, балдарды куткаруу жана мекенине кайтаруу боюнча гуманитардык миссияны жүзөгө ашырууга көрсөткөн зор колдоосу жана кызматташуусу үчүн БУУнун Балдар фондунун Бишкектеги жана Багдаддагы өкүлчүлүктөрүнө, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомуна ыраазычылыгын билдирет.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2