AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Чек ара боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү

Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Гүлистан шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

6052e47a45918.730x400.jpg

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстан Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз-ара толук түшүнүшүүсүн билдирди.

Кеңешме алкагында укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу орун алды, анын жүрүшүндө адистер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулоону улантышты.

Өткөн кеңешменин алкагында чектеш аймактардагы конфликттик абалдардын келип чыгышынын алдын алуу боюнча өз-ара аракеттешүүнү ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өттү, анда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эки мамлекеттин чектеш аймактагы облустары жана райондору ортосундагы активдүү кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, ошондой эле чектеш райондордун калкынын ортосунда достукту, өз-ара түшүнүшүү жана ишенимди чыңдоонун зарылдыгы баса белгиленди.

Тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2