AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров менен Токаев «Астана» каржы борборуна барышты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 3-мартта, Нур-Султан шаарында эл аралык деңгээлдеги каржы кызматтарын көрсөткөн «Астана» эл аралык каржы борборуна (АЭКБ) барышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

102344.730x400.jpg

Мамлекет башчылары Эл аралык арбитраждык борбордун, АЭКБ каржы кызматтарын жөнгө салуу боюнча комитеттин, Чет элдик жарандарга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтарды көрсөтүү борборунун жана АЭКБ биржасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевге маалымдашкандай, Эл аралык арбитраждык борбор АЭКБдагы жарандык жана коммерциялык талаштарды эл аралык стандарттарга ылайык, соттук териштирүүгө альтернатива катары, көз карандысыз, үнөмдүү жана ыкчам чечүү боюнча иш алып барат.

АЭКБнын каржылык кызматтарды жөнгө салуу комитети рыноктун бардык түрлөрүн — банк ишмердиги, камсыздандыруу, ислам каржылоосу, активдерди башкаруу жана жеке банктардын ишин жөнгө салат.

Чет элдик жарандарга мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтарды көрсөткөн «Астана» эл аралык каржы борбору «бир терезе» принцибинин негизинде чет элдик эксперттерге жана инвесторлорго англис тилинде мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматтардын кеңири чөйрөсүн сунуштаган аянтча болуп саналат.

Негизги милдети — чет элдик эксперттердин жана инвесторлордун өлкөгө кирүүсү жана жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аларды казак коомуна жана бизнес коомчулугуна интеграциялоо.

АЭКБ биржасы Казакстанда жана Борбордук Азия регионунда активдүү капитал рыногун өнүктүрүү максатында түзүлгөн жана англия укуктарынын юрисдикциясында иштейт. Биржа курамына 20дан ашык жергиликтүү жана эл аралык соода мүчөлөрү кирген, экосистемасы өнүккөн инвестицияларга жеткиликтүү болуп, ишенимдүү жана коопсуз соода инфраструктурасын камсыздайт.

Президент Садыр Жапаров АЭКБнын бардык түзүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн кызыгуу менен көрүп чыгып, борбордун иши инвесторлор, өлкөгө инвестицияларды тартуу үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, бул боюнча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен пикир алмашты.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2