AUCA the best 2

2024-05-16

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Чыныбаева ата-энелерге айткан сөзүнө комментарий берди

Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева борбор калаадагы мектеп окуучуларынын ата-энелери менен болгон жолугушууда айткан сөзүнө Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, интернет желесинде тарап жаткан тасмада Чыныбаеванын сөзү контексттен кыркылып алынган.
 
"Мектептер жана бала бакчалардын ачылышы тууралуу талкуудагы эмоционалдык сүйлөшүү жөнүндө комментарий берейин, интернетте тарап жаткан тасмада менин сөзүмдү контексттен кыркып алышкан. 
 
Жакында коронавирус пандемиясынын башталганына бир жыл болот. Өткөн жылы бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да өлүм көп болду. Учурда вирус мутацияга учурап, көп мамлекеттер толук карантин киргизүүгө мажбур болууда: бардык ишканалар, мектептер жабык, балдар онлайн окуп, жарандар үйдө отурат. Албетте, мындай ыкма билимдин сапатына терс таасирин тийгизет: электрондук гаджеттер аркылуу окууда тоскоолдуктар орун алып, ата-энелерге да оңой эмес. Менин балдарым да онлайн окушту. Буга байланыштуу мэрия жана шаардык мектептер бир чечимге келип - айрым класстарга салттуу билим алууга уруксат берилди. Биз жоопкерчиликти өз мойнубузга алдык", - дейт вице-мэр.  
 
Айжан Чыныбаева мектептер жарым-жартылай иштеп баштагандан кийин коронавирус жуктуруп алган балдар жана мугалимдер катталганын айткан. Анын айтымында, бир класста 50дөн ашык окуучу окугандыктан, мектептер вирустун жайылуу очогуна айланып калуу коркунучу бар экендигин жазган.
 
"Ата-энелердин чарчаганын түшүнүп турабыз, бирок мындай кырдаал бизде эле эмес, бүт дүйнөдө балдар онлайн окуп жатышат. Буга түшүнүү менен мамиле кылуу керек деп ойлойм. Кудай бизге ушундай сыноо берип жатат. Ата-энелер менен болгон жолугушууда талаш-тартыш орун алып, бийлик тарапка ашыкча эмоционалдык сын-пикирлер айтылды: компьютер карап балдардын көрүүсү начарлаганына, түз отура албай, таза абада сейилдебей калганына биз жооп беришибиз керектигин билдиришти. Мындай орунсуз күнөөлөөгө жооп кылып, айрым ата-энелерге төрөгөн баласы үчүн жоопкерчиликтүү экендигин жана алардын ден соолугу үчүн башка кишилер жооп бербей турганын гана айттым. Балдарды таза абага алып чыгып, дене тарбиясы менен машыктырып, көзүн смартфондон эс алдырышы керектигин билдирдим. 
 
Бишкек мэриясы үчүн - негизги приоритет - шаардыктардын жашоосу жана ден соолугу. Биз миллиондон ашык киши жашаган шаарда вирустун жайылышына жооптуубуз. Башка аймактарга караганда Бишкекте вирус бат жайылышы ыктымал. Көптөгөн ата-энелер түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып жатышат. Эгер эпидкырдаал турукташып, дарыгерлер уруксат берсе эле Бишкек шаарынын мэриясы акырындык менен мектептерди ачууга даяр. Келгиле, ар бирибиз жоопкерчилик алалы, - биз шаар үчүн, ата-энелер - өз балдары үчүн", - деп жазган Айжан Чыныбаева. 
 
Эскерте кетсек, Айжан Чыныбаеванын окуучулардын ата-энелери менен болгон жолугушуудагы сүйлөгөн сөзү интернет желесинде кызуу талкуу жаратууда. Анда вице-мэр: "Бул сиздин балаңыз, эгерде жоопкерчилик ала албасаңыз, анда эмнеге төрөдүңүз", - деген жери бар. 
 
 
 

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2