AUCA the best 2

2025-12-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Муфтийликке талапкерлердин арызын кабыл алуу башталды

 Бүгүн, 17-февралдан тартып муфтийликке талапкерлердин арызын кабыл алуу башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

kyrgyzstan-musulmandarynyn-din-bashkarmalygy_730x0.730x0.jpg

Белгилей кетсек, 11-февралда Аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп, 2021-жылдын 5-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайын өткөрүү чечими кабыл алынган.

Кыргызстандын муфтийи болууну каалагандар үчүн коюлган талаптар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар;

2. Салтуу Ислам болуп саналган Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган;

3. Жогорку финансылык билимге ээ;

4. Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин жетиштүү деңгээлде билген (талапкерге артыкчылык берилет);

5. Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;

7. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мурда соттолбогон;

8. Эч кандай саясий партияларга мүчө болбогон;

9. Мамлекеттик финансылык кызматтарда же мамлекеттик эмес финансылык мекемелерде беш (5) жылдан кем эмес иштеген;

10. Уюштуруучулук жана жетекчилик жөндөмү бар;

11. Мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн жана жаза билген Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргызстан мусулмандарынын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына талапкер катары каттала алат.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

1. Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;

2. Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (Личный листок) байланыш маалыматтары, жашаган дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);

3. Паспортунун көчүрмөсү (ID карт) ;

4. Резюме (Илимий жетишкендиктерине, иш тажрыйбасына жана алган сыйлыктарына басым жасалат);

5. Мүнөздөмө (акыркы иштеген мекемесинен);

6. Жогорку финансылык билимин тастыктоочу документтеринин көчүрмөлөрү;

7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

8. Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат: Бишкек ш., Гоголь к. 57, КМДБнын / муфтияттын имараты, 2-кабат. КМ Аалымдар кеңешинин катчылык бөлмөсү.

Кабыл алуу убактысы: Ишемби, жекшемби күндөрүнөн сырткары, аптанын бардык күндөрү саат: 11:00 – 16:00.

Документтер Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук почтасы аркылуу да кабыл алынат. Электрондук дарекке жиберүү жолу менен катталгандар документтеринин түп нускаларын (оригиналдарын) 17-мартка чейин делонун ичинде тапшырууга тийиш. Документтерди алып келген адам үчүн талапкердин ишеним каты талап кылынат.

Сурап-билүү телефону: + 996 (702) 559684; + 996 (777) 881122;

Документтерди тапшыруу мөөнөтү: 2021-жылдын 17-февралынан тартып, 2021-жылдын 17—март күнү саат 18:00гө чейин.

Муфтияттан коюлган талаптарга жооп бербеген документтер каттоого алынбай тургандыгын кошумчалашты.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2