2025-05-13
Түрмөк
2020-жылы Салык кызматы 62,9 млрд сом жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык чогулткан. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Узакбаев: Кавасаки синдромуна шектелген 28 бала ооруканага жаткырылды

Кыргызстанда 28 бала кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 9-февралда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытай тараптын демилгеси менен ай жылнаамасы боюнча жаңы жылды майрамдоого байланыштуу мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт – унаа жолу”, “Эркечтам – унаа жолу” өткөрүү пункттары транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМК чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Кыргызстанда жаңы шаар пайда болот

Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкекте 1-марттан тартып бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат

Бишкекте 1-марттан баштап бардык мектептер жана бала бакчалар ачылат, бирок коронавирус жуктургандардын жаңы учуру ушул динамикада сакталганда гана. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Президент Садыр Жапаров премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, өлкө премьер-министри Улукбек Марипов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Коронавирус пандемиясы шартында кыргызстандыктардын чет өлкөлөргө чыгуу талаптары жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердин COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү чараларын эске алуу менен киргизген талаптары жөнүндө маалымат берди.
Кыргызстан менен Кореянын соода-экономикалык жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

2021-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Жабыш Каптамалар Ассоциациясынын төрагасы Ли Инь Ёнг жана «Vision K» компаниясынын президенти Джо Джонг Вон менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бүгүндөн тарта Кыргызстандан Орусияга авиакаттамдар көбөйөт

Бүгүн, 8-февралдан тарта Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы авиакаттамдар көбөйтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жакын арада Кыргызстанга Түркиядан 5 мобилдүү клиника келет

Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкардагы “Optima Technic” заводуна барышты.
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Бишкекте баңгизат алып жүргөн шектүү жаран кармалды

Бишкекте баңгизат алып жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Түркия Ошко пландалган жаңы аэропортту каржылап берүүнү сунуштады

Түркия Ош облусунда курулуусу пландалып жаткан жаңы эл аралык аэропортту каржылап берүүнү сунуштады. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Ноорузда өтүүчү көк бөрү мелдешине Казакстан менен Афганистандан командалар чакырылды

21-мартта Нооруз майрамына карата жана Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев, Болот Шердин элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдешке Казакстан катышат. Бул тууралуу аталган улуттук спорттун федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков билдирди.
Кытай Кыргызстанга COVID-19га каршы акысыз вакцина берет

Кытай биринчилерден болуп Кыргызстанга COVID-19га каршы кытай вакцинасын бекер берет. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь кечээ, 5-февралда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Коронавируска даярдык боюнча 18 кылмыш иши тергелип жатат

Коронавируска даярдык боюнча 18 кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукту. Бул тууралуу КЭРдин КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-10-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Зулушев: Прокуратура каралоочу орган болуп калбашы керек

Прокуратура каралоочу орган болуп калбашыбыз керек, - деп билдирди бүгүн башкы прокурор Курманкул Зулушев коллегиялык жыйында.
Улукбек Марипов Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыдоо бөлүмүнөн билдиришти.
Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйынында Төрткүл суу сактагычы тууралуу билдирүүсүнө тийиштүү өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.
УКМК: Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды

Коррупцияга шектелип депутат Кубанычбек Жумалиев кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Улукбек Марипов Беларусь өкмөт башчысы Роман Головченко менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Ош облусуна заманбап аэропорт курууга Туркиядан сунуш түштү

Ош облусунда жаңы эл аралык аэропорт куруу- стратегиялык жана экономикалык чоң мааниге ээ.
Кыргыз-герман кызматташтыгын илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Кечээ, 3-февралда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин «Экономика жана туруктуу өнүгүү» департаментинин директору Михаель Клор-Берхтольд менен онлайн форматта жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
УКМК: Жогорку соттун төрайымына карата дагы бир кылмыш иши козголду

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги эл менен жолукту

Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчилиги Жалал-Абад шаарынын жана Ноокен районунун эли менен жолукту. Бул туурауу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт

8-февралдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиарейстердин саны өсөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.