2024-12-26
Түрмөк
Узакбаев: Кавасаки синдромуна шектелген 28 бала ооруканага жаткырылды
Кыргызстанда 28 бала кавасаки синдромуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 9-февралда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 15инде аталган синдромго окшош белгилер катталууда. Жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болуп жатканын кошумчалады.
9-февралга карата өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда.
Булак: Марал