AUCA the best 2

2026-02-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукту. Бул тууралуу КЭРдин КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

tim.730x0.jpg

tim.730x0.jpg

Жолугушууда элчи айым Ду Дэвэнь КЭР тышкы иштер министринин жана Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүнүн атынан Р.Казакбаевди КР ТИМ башчысы болуп шайланышын куттуктаган билдирүүсүн берди. Тараптар кытай тараптын кыргыз тарапка кайтарымсыз негизде COVID-19 га каршы вакцинаны берүүсү боюнча пикир алмашышты.

Элчи Кытай менен Кыргызстан кайрымдуу коңшулар жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштөр деп белгиледи. “COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө эки өлкө бири-бирине жардам көрсөтүшүп, колдоп турушту. Коронавирус инвекциясы менен күрөшүүдө кыргыз тарапты мындан ары дагы колдоо максатында кытай тарап COVID-19га каршы вакцинаны кайтарымсыз негизде берүү чечимин кабыл алды. Бул кытай элинин кыргыз элине карата достук мамилесин чагылдырып, кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн көрсөтүп турат. Мен кытай тараптын вакцинасы кыргыз элинин вируска каршы туруусун шарттап, кыргыз элинин саламаттыгын жана коопсуздугун камсыздоого оң таасир этет деп ишенем”,-деди элчи айым.

Өз кезегинде Руслан Казакбаев Ван И мырзага жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, кыргыз тарап Кытай менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал вакцина берүү ниетин билдирген кытай тарапка кыргыз өкмөтүнүн атынан карыздар экенин айтып, бул эки элдин ортосундагы достук мамиленин далили деп белгиледи.

Интервью

 

Жаңылыктар

Конкурс по международному праву имени Филипа Джессапа

Айбек Бакытбеков: вернулся к себе и к настоящей музыке

БААУ менен таанышуу: Ачык эшиктер күнү

12-январь кинорежиссёр Болот Шамшиевдин жарыкка келген күнү

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2