AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

101259.730x400.jpg

КРУБдун жана банк секторунун 2020-жылдагы ишинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2021-жылга карата биринчи кезектеги пландары талкууланды.

Мамлекет башчысына экономиканын реалдуу секторун колдоо, коронавирус инфекциясы пандемиясынын таасири менен кесепеттерин жоюу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле өлкөнүн каржы жана валюта рыногундагы азыркы кырдаал, улуттук валютанын алмашуусунун кескин өзгөрүүсүн жумшартуу чаралары жөнүндө айтылды.

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, 2020-жыл бардык кыйынчылыктарга карабастан, ата мекендик каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады:

— Улуттук банк инфляцияны орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7%дын тегерегинде кармай алды;

— банк секторунда оң көрсөткүчтөр сакталды: насыялык портфель 11%га көбөйдү (162,6 млрд сомду түздү), банктагы депозиттер 19,9%га өстү (180,9 млрд сомду түздү);

— депозиттерди долларлаштыруунун деңгээли 42,9%ды түздү, насыяларды долларлаштыруу 32,9%ды туздү;

— 2020-жылдын ичинде алтынвалюта резерви 384 млн АКШ долларына өсүп, жыл соңунда 2 млрд 808 млн АКШ долларын түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат;

— КРУБдун кирешеси рекорддук 8 млрд 484 млн сомду туздү.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөнүн айтты. Улуттук банк 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатканы белгиленди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык каржы рыногундагы жана экономикаларындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи. Буга байланыштуу ал тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн каржы-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштеши керектигин белгилеп, улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керектигин айтты.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2