AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

2020-жылы Салык кызматы 62,9 млрд сом жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык чогулткан. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

WhatsApp-Image-2021-02-09-at-11.47.22.jpeg

Анын айтымында, коюлган план 100,2 % аткарылган же 107,3 млн сомго ашыкча жыйналган.

“Белгилей кетсек, коронавирустун айынан жарыяланган карантинге байланыштуу 2020-жылдын апрель-майында мамлекеттик бюджетке 6,4 млрд сом, ал эми республикалык бюджетке - 5,4 млрд сом салык толук түшпөй калган. Өлкөдөгү эпидемиялогиялык кырдаалга жана салык кызматына мурда белгиленген планды 3 млрд 58,3 млн сомго көбөйтүү менен 2020-жылдын ноябрь айындагы республикалык бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө карабастан жылдык план ашыгы менен аткарылган”, - дейт ал.

К.Абдалиев кошумчалагандай, салыктар боюнча пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруу бир катар факторлор аркылуу ишке ашты. Атап айтканда, 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук счет-фактуралар да өзүнүн жыйынтыгын берди. Мындан тышкары, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуу алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, ал 2021-жылы Салык кызматы мамлекеттик бюджетке 96,7 млрд сом, анын ичинен республикалык бюджетке – 79,3 млрд сом, жергиликтүү бюджетке – 17,4 млрд сом чогултуу милдети турганын билдирди.

Муну менен катар, К.Абдалиев Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы 33 млрд 190,8 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. Белгиленген план 100,5 %га аткарылды же 163 млн сомго көп жыйналганын белгиледи.

"2019-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 766,1 млрд сомго көп чогултулду.

Эскерте кетсек, 2019-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ордуна Салык кызматы башкарып келет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын салык органына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган, себеби, бул юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.

Алсак, салык төлөөчүлөргө салык боюнча жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эки отчетту бир гана мамлекеттик органга тапшырууга, ошондой эле патент гана эмес, камсыздандыруу полисин да алууга ыңгайлуу, бул иш-чара төлөөчүлөрдүн кетирген убактыларын алда канча үнөмдөмөкчү.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууда дагы бир жаңылык – Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн Бирдиктүү казыналык эсеби аркылуу кабыл ала баштады. Мурда Салык кызматы тарабынан чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары КР Социалдык фондунун алыш-бериш эсебинде топтолгон.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуунун жаңы ыкмасы Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгүнүн операцияларын Борбордук казынанын борборлоштурулган эсебине которуу аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүүгө багытталган”,-деди ал.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2