AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Е. Кочкор уулу: Муфтий тандоодогу критерийлерде чын-ыкластуулук жок

Теолог Елмурат Кочкор уулу, муфтий тандоодогу критерийлер боюнча өз оюн билдирип, андагы катачылыктарды тизмектеп жазды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

 93932281_1668242113314134_8074547862328836096_o_1.jpg

Төмөндө Кочкор уулунун пикирин өзгөртүүсүз беребиз.
 
"Муфтийликтин оозду ачырган критерийлери
 
Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө жаңы талапкерлерден талап кылынган критерийлерди жарыялаптыр. Бул критерийлерди муфтияттын аң-сезиминин күзгүсү десек болчудай турат... Талдап көрөлү.
 
Критерийлердин ичинде билимдүү, соттолбогон, элдин алдында абройлуу болуусу деген бир жакшына критерийлер менен катар акылга сыйбаган, зээн кейиткен критерийлер да бар экен. Алар тууралуу кыскача кеп.
 
А) «Салттуу Ислам болуп саналган Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын карманган»,- деген шарт турат. Бул эки аалым тең аябай акылга басым жасаган рационалист аалымдар болгон. Эмгектеринен да алардын диний маселелерде акылга канчалык чоң маани бергенин көрүү мүмкүн. Жеке баамымда муфтияттын аң-сезиминде Ханафий менен Матуридини бетке тоскону эле болбосо, алардын илимий аң-сезимине төп келбеген бир топ түшүнүктөрдү көрүү мүмкүн. Эң эле оболу акылга басым жасалган диний түшүнүктөн өздөрү узак!
 
Б) «Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх, араб тили грамматикасын жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;» деген да шарт турат. Бул илим тармактарынын бирөөсүндө гана тереңдөө мүмкүн. Илимпоздор булардын бирөөнөн, өтө кыйындары экөөнөн тереңдеши мүмкүн. Андан ашыгына өмүр жетпейт. «Терең билимге ээ» дегенде эмнени айткылары келип жатканын билбедим го, бирок келерки муфтий же аалымдар кеңешинин мүчөсү булардын барын терең билем десе жалган сүйлөгөн болот.
 
В) «Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;» деген шарт аябай таң калыштуу келди. Бир кишинин адебин, такыбалыгын өлчөй турган аппарат кимде бар? Алтургай Мухаммет пайгамбар такыбалык адамдын жүрөгүндө болот дегени маалым го. Сиздер «адебометр» же «такыбометр» сыяктуу өлчөгүчтөр менен тактап алууну көздөп жатасыздарбы же?.. Же татыктуу бирок өзүбүзгө караштуу кишини сенин адебиң, такыбаң туура келбеди деп ачык-айкын тактоого мүмкүндүк бербеген жол менен аны жарыштан сүрүп чыгаруу үчүн түзүлдүбү?
 
Г) «Мусулман коомчулугунун, үй-бүлөсүнүн, туугандарынын арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;» деген жерин кантээр экенбиз? Кимдин аброюн ким, кантип өлчөйт? Өзгөчө үй-бүлө жана туугандарынын арасындагы аброюн өлчөө менен нени максат кылдыңыздар экен? Тууганчылыктан кутула албай жатсак өзү, бул мне дегендик? Ким өзүнүн тууганын, атасын же баласын жаман десин? Дегенде же дебегенде ал эмнени чечмек?
 
Менимче...
 
Критерийлердин ичинде чын-ыкластуулук жок. Жеке баамымда, аң-сезимдүүлүккө багытталган критерийлерге караганда талкууга ачык калган, тактоого мүмкүндүк бербеген, муфтияттын ишмердүүлүгүн жакшыртканга түздөн-түз тиешеси болбогон критерийлер басымдуу. Мындай аң-сезим тарабынан тандалган аалымдар кеңеши менен Исламдын аруулугуна, тереңдигине жарашкан ишмердүүлүк күтүү мүмкүн эмес!"

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2