AUCA the best 2

2025-05-13

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Мектеп ачылбасын, онлайн окуйбуз - ата-энелер

Учурда WhatsApp тайпаларда ата-энелер арасында мектептердин ачылышы боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп жатат. Айрым ата-энелердин айтымында, көпчүлүк салттуу окууга каршы. 

Кечээ күндөн баштап Бишкектеги мектептердин ачылышы боюнча мугалимдер WhatsApp тайпаларда сурамжылоо жүргүзө баштады. Маалыматка ылайык, көпчүлүк ата-энелер окуунун онлайн түрүн тандоодо. Анткени, акыркы учурда балдар арасында көп каттала баштаган пневмония илдети ата-энелерди чочутуп жатат. Буга чейин Кыргызстанда 15 баладан Кавасаки синдромуна окшош оорунун белгилери аныкталган. Ал эми азыр 2 144 мектепте окуучулар салттуу билим алууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 18-февралга карата, бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 3 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 73 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 34, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 22, Ысык-Көл облусунда – 9, Нарын облусунда – 4, Жалал - Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 418 бейтап, амбулатордук түрдө 360 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 4 учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 201 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 132 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 689 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 525 киши айыгып чыкса, 1 миң 447 адам каза болду.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2