2024-12-27
Түрмөк
Түлеев: Матраимовду мамлекетке иштетиш керек
Нариман Түлеев журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып, Райымбек Матраимов жөнүндө пикирин билдирди. “Матраимов – бул феномен. Ал кишини мамлекетке иштетсе, пайдалуу болот”, - деп айткан Түлеев.
“Райымбек Матраимовду чөнтөккө эмес, мамлекетке иштетиш керек. Коомчулук колдоп, президент баш болуп кызматка тартышы зарыл.
Матраимовду кайсы президент келсе эле, чөнтөккө пайдаланып жатпайбы. Ошол эле Жээнбеков, Атамбаев өзүнө иштетти.
Матраимов чек арадагы чырмалышкан жумушту жакшы өздөштүргөн. Жаңы барган чек арачылар жакшы иштей алышпайт, көрөсүңөр. Мына, учурда Кытай менен чек ара жабык. “140 вагон жүк алып келдик”, - деп Новиков кыйратып койгондой сүйлөп жатат. Ал эми чек арадан бир күндө 200дөй машина өтөт. Анын баарын жөнгө салган Матраимов. Ошол үчүн бул жигитти мамлекетке иштетиш керек. Мен аны өзүм тааныбайм”, - дейт Нариман Түлеев.